Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору (мындан ары - Кырдаалдык борбор) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Кырдаалдык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кырдаалдык борбор өз ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелер жана башка органдар, анын ичинде атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
4. Кырдаалдык борбордун ишин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүзөгө ашырат.
2. Кырдаалдык борбордун милдеттери
5. Кырдаалдык борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- иштин ар кандай чөйрөсүндөгү учурдагы абалды терең талдоонун негизинде башкаруу боюнча стратегиялык чечимдерди кабыл алуу процессинде Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисин комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине өлкөнүн коомдук-саясий кырдаалынын өзгөрүшүнө, анын ичинде кризистик кырдаалдарда натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине өлкөнүн коомдук-саясий кырдаалынын өзгөрүшүнө, анын ичинде кризистик кырдаалдарда натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча сунуштарды даярдоо.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кырдаалдык борбордун ыйгарым укуктары
6. Кырдаалдык борбор төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- белгиленген тартипте мамлекеттик, ошондой эле атайын байланыш жана коммуникация системасын, мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларын пайдаланууга;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Кырдаалдык борбордун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди, маалыматтык-аналитикалык жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- карамагындагы маалыматтар базасына туташуу жана Президенттин Администрациясынын маалыматтар базаларын түзүү үчүн белгиленген тартипте улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында менчигинин түрүнө карабастан стратегиялык багыттагы объекттер менен өз ара аракеттенүүгө;
- белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
Кырдаалдык борборго суралган маалыматтарды бербегендиги жана өз убагында бербегендиги үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө;
- мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорун иштеп чыгууга;
- белгиленген тартипте Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик (жарандык) коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн ишке тартууга;
- Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу топторду, комиссияларды, анын ичинде ведомстволор аралык консультативдик кеңештерди түзүү, алардын ишине катышууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтардын, ошондой эле ар кандай булактардан алынган башка маалыматтардын негизинде төмөнкү маселелерге тиешелүү маалыматтарга мониторинг жүргүзүүгө жана жалпылоого:
мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү сактоо, конституциялык түзүлүштү коргоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө;
улуттук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жапа кубулуштарды болжолдоо;
кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
кылмыш-жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши, соттук-эксперттик иш;
иштин башка чөйрөлөрү;
- Кырдаалдык борбордун милдеттерин аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын маалыматтык жана башка маалымат базаларына кошулуу аркылуу маалыматтык-аналитикалык системаларды, программалык жана техникалык каражаттарды колдонуу менен маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде белгиленген тартипте чогултууга жана иштеп чыгууга;
- Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетине, Президенттин Администрациясына даректелген каттарды жана башка кайрылууларды кароого;
- Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга, Президенттин Администрациясында ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө жана жол-жоболук коштоого;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Кырдаалдык борбор кураторлук кылган мамлекеттик органдарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген жетекчилик кызматтарга аңгемелешүүлөрдү өткөрүүгө жана талапкерлерди сунуштоого;
- Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген, анын ичинде төмөнкү чөйрөлөрдөгү маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоого:
коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;
коргоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо;
жарандык коргонуу, өрт, химиялык жана радиациялык коопсуздук, анын ичинде кооптуу табигый, техногендик процесстерди жана кубулуштарды болжолдоо;
кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
кылмыш-жаза аткаруу системасынын жана пробациянын иши;
соттук-эксперттик иш;
- Кырдаалдык борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кырдаалдык борбордун ишин уюштуруу
7. Кырдаалдык борбордун түзүмү жана штаты Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
8. Кырдаалдык борборду директор жетектейт, ал Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
9. Директор Кырдаалдык борборго жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Президенттин Администрациясынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басарлары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары менен болгон мамиледе анын атынан чыгат.
10. Директордун орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Кырдаалдык борбордун кызматкерлери Кырдаалдык борбордун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
12. Директор:
1) Кырдаалдык борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин жана аткарууга келип түшкөн документтерди кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) Кырдаалдык борбордун кызматкерлери тарабынан тапшырмалардын аткарылышы, документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Кырдаалдык борбордун кызматкерлери менен кеңешмелерди өткөрөт;
4) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча маселелерди ыкчам чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырат;
5) Министрлер Кабинетинин жыйындарына, Кыргыз Республикасынын Президентинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында өткөн кеңешмелерге катышат;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
7) белгиленген тартипте Кырдаалдык борбордун кызматкерлерин сыйлоого көрсөтөт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине аларга карата тартиптик жазаларды колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
8) жашырындуулук режиминин сакталышын камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылбоого тийиш болгон маалыматтын ачыкка чыгып кетүүсүнө жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
9) зарыл болгон учурда Кырдаалдык борборго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча ишке катышуу үчүн белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартат;
10) Кыргыз Республикасынын Президентине Кырдаалдык борбордун түзүмү жана штаттык саны боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
11) Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Директордун орун басары:
1) директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат;
2) ага жүктөлгөн кызматтык милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Кырдаалдык борбордо иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыздайт;
4) директорго киргизүү үчүн Кырдаалдык борбордун иш пландарынын долбоорлорун түзөт, алардын аткарылышын контролдойт;
5) директор тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Кырдаалдык борбордун эксперттери:
1) тапшырмалардын аткарылышы, тиешелүү документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кырдаалдык борборго жүктөлгөн милдеттердин чегинде маалыматтык материалдарга жана документтерге талдоо жүргүзөт;
3) мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү маалыматтын өз убагында берилишин контролдойт;
4) Кырдаалдык борбордун компетенциясына кирген документтер менен иш жүргүзүшөт;
5) Кырдаалдык борбордун жетекчилиги тарабынан аларга жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук
(Глава КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Кырдаалдык борбор белгиленген компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө кураторлук кылат:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (кылмыш-жаза аткаруу системасы, соттук-эксперттик иш жана пробация бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо ишинин маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине.
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)