Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ №37 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 22-октябры ПЖ № 476
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун түзүмү 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун штаттык саны 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главасында:
- он үчүнчү абзацы "башкармалыгынын начальниги" деген сөздөрдөн кийин ", борборунун директору" деген сөздөр менен толукталсын;
- он төртүнчү абзацы "башкармалыгынын начальнигинин орун басары" деген сөздөрдөн кийин ", борборунун директорунун орун басары" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 109-110 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун ТҮЗҮМҮ
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун ШТАТТЫК САНЫ
Кызмат орду | Штаттык бирдиктердин саны |
Директор | 1 |
Директордун орун басары | 1 |
Эксперт | 14 |
Жалпы | 16 |