Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 26-февралы ПЖ № 64
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
- 18-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жарлыктарынын жана буйруктарынын" деген сөздөр "Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы "Министрлер Кабинетинин жетекчилигине" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасына, анын орун басарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктунда:
4-пунктчасындагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин актыларын жана тапшырмаларын" деген сөздөр "Президенттин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктчасындагы "жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигин" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана анын орун басарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктчасындагы "жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигине" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана анын орун басарларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмалары боюнча, ошондой эле өз демилгеси менен белгиленген тартипте кызматтык иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт, алардын жыйынтыгы боюнча Президенттин чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизет;";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Президенттин түздөн-түз жетекчилиги алдында иштейт, ушул Жободо белгиленген компетенциясынын чегинде Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча аткаруучулук, контролдоо жана тескөөчү функцияларды аткарат.";
- 25-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жок мезгилде анын милдеттерин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары аткарат.";
- 27-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Президент тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жөнүндө жана Кырдаалдык борбор жөнүндө жоболордон тышкары, ушул Жобого ылайык Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;";
он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Президенттин Администрациясынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, анын ичинде өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн берүүгө укуктуу.";
- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кенешинин катчысын кошпогондо, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Президенттин басма сөз-катчысы Президент тарабынан дайындалат.
Башкармалыктардын начальниктеринин орун басарлары башкармалыктын начальнигинин Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашылган сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүмдөр, секторлор) жетекчилери башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарлары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
- 5-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары";
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Президенттин кеңешчилери жака жардамчылары Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Спичрайтерлер, улук референттер Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчилери жана жардамчылары (мындан ары - кеңешчилер жана жардамчылар), спичрайтерлер, улук рефереттер ушул Жободо, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин башка актыларында жана тапшырмаларында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларында белгиленген компетенцияга ылайык иштейт.";
- 33-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилеринин милдеттери Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан аныкталат.";
үчүнчү абзацындагы "жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисине" деген сөздөр алып салынсын;
- 34-пунктунда:
үчүнчү жана бешинчи абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Президенттин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы "жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 35-пунктундагы "жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр алып салынсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети";
2) (КР Президентинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту.
7. Бул Жарлык 2021-жылдын 12-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктунун 1-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТҮЗҮМҮ
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ШТАТТЫК РАСПИСАНИЕСИ
№ | Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызмат орундардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | ЖЕТЕКЧИЛИК | 7 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун бacapы | 2 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары | 1 |
2 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН КАТЧЫЛЫГЫ | 8 |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси | 5 |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы | 3 |
3 | МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ - ПРЕЗИДЕНТТИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН, МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЛАРЫНЫН КАТЧЫЛЫГЫ | 20 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси | 3 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жардамчысы | 3 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кеңешчиси | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси | 3 |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы | 3 |
| Спичрайтер | 3 |
| Улук референт | 3 |
4 | Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы | 1 |
5 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫЛЫГЫ | 23 |
| Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары | 2 |
| Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы | 1 |
| Коопсуздук жана коргоо боюнча сектор | 5 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Инспектор | 4 |
| Талдоо жана болжолдоо сектору | 6 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Инспектор | 5 |
| Чечимдерди ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү сектору | 6 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Инспектор | 5 |
6 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН КАТЧЫЛЫГЫ | 5 |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кеңешчиси | 1 |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы | 1 |
| Эксперт | 3 |
7 | БАЛДАР УКУГУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛДҮН КАТЧЫЛЫГЫ | 3 |
| Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү | 1 |
| Эксперт | 2 |
8 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН КАТЧЫЛЫГЫ | 3 |
| Жооптуу катчы | 1 |
| Эксперт | 2 |
9 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ЫРАЙЫМ КЫЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН КАТЧЫЛЫГЫ | 2 |
| Жооптуу катчы | 1 |
| Эксперт | 1 |
10 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР БОЮНЧА КОМИССИЯНЫН КАТЧЫЛЫГЫ | 3 |
| Жооптуу катчы | 1 |
| Эксперт | 2 |
11 | ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЧЕЧИМДЕРИН ДАЯРДОО БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫК | 91 |
| Башкармалыктын начальниги | 1 |
| Башкармалыктын начальнигинин орун басары | 1 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү | 53 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Башкы эксперт | 7 |
| Эксперт | 44 |
| Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүм | 6 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 4 |
| Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | 13 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат секторунун башчысы | 1 |
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат сектору | 5 |
| Эксперт | 5 |
| Кадрдык иштер сектору | 6 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Эксперт | 5 |
| Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү | 11 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Мамлекеттик инспектор | 7 |
| Башкы эксперт | 2 |
| Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүм | 6 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 4 |
12 | ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН УКУКТУК ЖАКТАН КАМСЫЗ КЫЛУУ БАШКАРМАЛЫГЫ | 55 |
| Башкармалыктын начальниги | 1 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү | 17 |
| Башкармалыктын начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 13 |
| Кодификация сектору | 2 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Эксперт | 1 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы өкүлчүлүгү | 11 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү | 1 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары | 1 |
| Эксперт | 7 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү | 1 |
| Эксперт | 1 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы | 26 |
| Канцеляриянын начальниги | 1 |
| Иш кагаздарын жүргүзүү, регламент жана жыйналыштарды (кеңешмелерди) уюштуруу бөлүмү | 7 |
| Канцеляриянын начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы | 1 |
| Эксперт | 4 |
| Регламент сектору | 2 |
| Бөлүм башчысынын орун басары - сектор башчысы | 1 |
| Эксперт | 1 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмү | 7 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 5 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана которуу бөлүмү | 11 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 9 |
13 | ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЧЕЧИМДЕРИН АТКАРУУНУ КОНТРОЛДОО БАШКАРМАЛЫГЫ | 14 |
| Башкармалыктын начальниги | 1 |
| Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмү | 13 |
| Башкармалыктын начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Инспектор | 8 |
| Эксперт | 3 |
14 | САЯСИЙ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР БАШКАРМАЛЫГЫ | 27 |
| Башкармалыктын начальниги | 1 |
| Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмү | 7 |
| Башкармалыктын начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 5 |
| Реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү | 7 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 5 |
| ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмү | 6 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Эксперт | 5 |
| Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм | 6 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 4 |
15 | МААЛЫМАТТЫК САЯСАТ КЫЗМАТЫ | 16 |
| Кызматтын жетекчиси | 1 |
| Кызматтын жетекчисинин орун басары | 1 |
| Эксперт | 14 |
16 | ТЫШКЫ САЯСАТ БӨЛҮМҮ | 12 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары | 1 |
| Эксперт | 10 |
17 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ПРОТОКОЛ КЫЗМАТЫ | 5 |
| Кызматтын жетекчиси | 1 |
| Кызматтын жетекчисинин орун басары | 1 |
| Эксперт | 3 |
18 | СОТ ЖАНА ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ БӨЛҮМҮ | 11 |
| Бөлүм башчысы | 1 |
| Бөлүм башчысынын орун басары - сот органдары секторунун башчысы | 1 |
| Сот органдары сектору | 4 |
| Эксперт | 4 |
| Прокуратура органдары сектору | 5 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Эксперт | 4 |
19 | БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЧЕК АРАДАГЫ АЙЫЛДАРЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТТИН АТАЙЫН ӨКҮЛҮ | 1 |
20 | МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АТАЙЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ | 4 |
| Атайын өкүл | 1 |
| Атайын өкүлдүн орун басары | 1 |
| Эксперт | 2 |
21 | ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН БИРИНЧИ СЕКТОРУ | 3 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Эксперт | 2 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 314 |
|
|
|
| КЫРДААЛДЫК БОРБОР | 16 |
| Директор | 1 |
| Директордун орун басары | 1 |
| Эксперт | 14 |
".