Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 5-ноябры ПЖ № 520
Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө
Мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;
- Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги";
2) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
- сегизинчи абзацындагы “тышкы соода жана инвестициялар" деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 198 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын ишин өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 11-июлундагы № 150 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине езгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Президент |
| С.Н. Жапаров |