Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 17-ноябры ПЖ № 523
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишинин кээ бир маселелери жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 6-бөлүктөрүнө, 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо:
– 9-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка актылары менен аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.”;
– 10-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“– Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону бекитет;”;
– 11, 12-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“11. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызмат орундарында жалпысынан 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарында 5 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин тиешелүү чөйрөлөрүндө жетектөөчү иште кеминде 10 жыл тажрыйбасы бар адамдар ээлей алышат.
12. Төмөнкү адамдар ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалышы мүмкүн эмес:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;
3) ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
4) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматта кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;
5) мыйзамда белгиленген тартипте тындырылбаган соттуулугу бар.”;
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жободо:
– 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмүн кошпогондо, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.”;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |