Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 1-декабры ПЖ № 539
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жободо:
3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 3-декабрындагы № 146 (3325) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |