Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 2-февралы ПЖ № 25
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Президентинин 2024-жылдын 23-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6, 7-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 4-февралындагы № 14 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |