Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 63 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарын пайдалануу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жыл сайын республикалык бюджетте түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарын пайдалануу жол-жобосун жөнгө салат.
2-глава. Фонддон акча каражаттарын бөлүү
2. Фондунун булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынын пайызынан ашпаган өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар (Фонддун суммасын эсепке албаганда);
2) коррупциялык иштер боюнча орду толтурулган каражаттар;
3) Жыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
1) инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого;
2) калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга;
3) табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдарды болтурбоо боюнча алдын алуучу чаралар менен байланышкан иш-чараларды каржылоого;
4) спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө финансылык колдоо көрсөтүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
6) Улуу Ата мекендик согуштун же башка локалдуу окуялардын ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
7) турмуштук оор кырдаалга туш болгон калктын социалдык жактан аялуу же өтө муктаж катмарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
8) өлкөнүн жөндөмдүү, таланттуу жарандарынын, анын ичинде өлкөнүн чегинен тышкары билим берүү программалары боюнча билим алып жаткандардын билим алуусу үчүн акы төлөөгө;
9) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат менен байланышпаган максаттарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө.
4. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин негизинде башка максаттарга да пайдаланылышы мүмкүн.
5. Фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар саналат.
6. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине кайрылат. Кайрылууда каражаттарды акыркы алуучулар, каражаттар пайдаланыла турган иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө кеңири маалымат камтылууга тийиш.
7. Ушул Тартиптин 3-пунктунун 2-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн максаттарга Фонддон каражаттарды алууга келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан изилденет.
Келип түшкөн кайрылуулар ушул Тартиптин талаптарына ылайык келген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Президентине Фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө сунушту киргизет.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражаттарын алуучулардан кошумча ырастоочу документтерди талап кылууга укуктуу.
8. Ушул Тартиптин 3-пунктунун 2-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн максаттарга Фонддон бөлүнүүчү каражаттардын жалпы көлөмү Фонддун жылдык көлөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.
9. Инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоону алуу үчүн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 337 "Инвестициялык долбоорлорду, билдирмелердин үлгүлөрүн жана инвестициялык долбоорлорду алдын ала кароо үчүн документтердин тизмесин алдын ала тандоонун негизги критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомунун талаптарына ылайык даярдалууга тийиш.
10. Инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо үчүн каражаттарды алууга кайрылуулар келип түшкөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү документтердин топтомун изилдейт. Зарыл болгон учурда документтердин топтому корутундуларды алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
Келип түшкөн кайрылуулар ушул Тартиптин талаптарына ылайык келген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын Президентине Фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө сунуш киргизет.
11. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча ушул Тартипте каралган максаттарга бөлүнүшү мүмкүн.
12. Келип түшкөн кайрылууларды оң кароонун жыйынтыгы боюнча же Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке демилгеси боюнча Фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө анын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү Фонддон каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесинин долбоорун даярдайт.
13.Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемелери менен кабыл алынат.
14. Каражаттар ушул Тартиптин 3-4-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда, каражаттар бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.
3-глава. Каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик, Фонддун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана каражаттарды алуучулар (жеке жактарды кошпогондо) Фонддон бөлүнгөн каражаттардын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
16. Фонддун каражаттарын эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өзүнчө казыналык эсебинде жүргүзүлөт (бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө).
17. Фонддун каражаттарын өздөштүрүүнүн, пайдалануунун жыйынтыгы боюнча каражаттарды алуучулар (жеке жактарды кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет берет.
18. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө жылдык жыйынды отчетту түзөт жана мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтөт.
19. Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко тиркелет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтында милдеттүү жарыяланууга тийиш.