Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 10-марты ПЖ № 75
Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Республиканын экономикасына инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын жана чет өлкөлөр менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.
Республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу, экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө жана тармактарына инвестицияларды тартуу, экспортко багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү менен инвестициялоо процессинин өз ара байланышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүүнүн маанилүү багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелсин:
- экспортко багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө, тармактарына жана региондоруна инвестициялоого ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн дем берүү жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ошондой эле ар бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестицияларды активдүү тартууга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди кынтыксыз аткаруусу;
- өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн мамлекеттин финансылык каражаттарын, эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдардын зайымдык ресурстарын жана техникалык көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарын) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болуучу инвестицияларды борбордоштуруп башкаруу системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык беделин жакшыртуу, экономиканын тармактарын жана өлкөнүн региондорун динамикалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, алдыңкы технологияларды трансфер кылуу үчүн чет өлкөлүк, анын ичинде түздөн-түз инвестицияларды кеңири тартуу, инвестициялык климатты ырааттуу өркүндөтүү;
- республиканын экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин чет өлкөлүк инвесторлор, соода өнөктөштөрү, чет өлкөлүк өкмөттүк жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- экономикалык туруктуу өсүшү камсыз кылуу максатында оптималдуу бажылык-тарифтик саясатты жүргүзүү, экспорт кылуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү, соода инфраструктурасын, электрондук коммерция системасын ырааттуу өнүктүрүү, бул чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
- ата мекендик товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы рынокторго чыгуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүү, жеткирүүлөрдүн географиясын диверсификациялоо максатында заманбап логистикалык борборлорду өнүктүрүү;
- тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эл аралык стандарттардын жана техникалык регламенттердин талаптарына ата мекендик товарлардын шайкештигин жана продукциянын сапатын башкаруунун заманбап системаларын кеңири киргизүүнү камсыз кылуу, сооданын туруктуу өсүшүн жана инвестициялык саясаттын активдешүүсүн камсыз кылган алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү;
- ишкердик иштин субъекттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүргүзүү;
- экономиканын артыкчылыктуу тармактарында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу, инфраструктуралык жана институттук кайра өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, жагымдуу укуктук, экономикалык-уюштуруучулук шарттарды түзүү.
2. "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (мындан ары - Улуттук агенттик) түзүлсүн.
3. Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташуу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет деп аныкталсын.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Сабиров Равшанбек Азатович дайындалсын.
5. Улуттук агенттиктин директору эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин:
- Улуттук агенттик жөнүндө жобонун долбоорун;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган Улуттук агенттиктин түзүмүнүн, штаттык санынын жана мамлекеттик кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттарынын долбоорун;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациям менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Улуттук агенттикти Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтык материалдарын алуучу органдардын тизмесине киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- Улуттук агенттиктин ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин;
- өзүнүн чечимдерин эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыгуучу Улуттук агенттиктин ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана камсыз кылуунун башка маселелерин чечсин.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |