Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 14-июну ПЖ № 158
Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Коллизияларды жоюу жана боштуктарды толуктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункттагы ", ошондой эле Кыргыз Республикасына тышкы кайтарымсыз көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарды, техникалык көмөктү, максаттуу кайтарымсыз жардамды) тартуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана координациялоо" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жободо:
1) 1-пунктта:
"экспортту илгерилетүү," деген сөздөрдөн кийин "инвесторлорду коргоо," деген сөздөр менен толукталсын;
", ошондой эле Кыргыз Республикасына тышкы акысыз көмөктүн каражаттарын (гранттар, техникалык көмөктөшүү, максаттуу акысыз жардам) тартуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана координациялоо" деген сөздөр алып салынсын;
2) 11-пункт "жардам берүү" деген сөздөрдөн кийин ", коргоо" деген сөз менен толукталсын;
3) 13-пунктта:
"а" пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү-жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип инвесторлордун даттанууларын кароону жүзөгө ашырат;
- Инвесторлордун даттанууларынын реестрин жүргүзөт жана Реестрде катталган инвесторлорду андан ары коштойт;
- тышкы иштер чөйрөсүндө жана тышкы саясий чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларда аныкталган критерийлерге туура келген компетенттүү чет өлкөлүк субъекттерге жана жарандыгы жок жактарга "I" тибиндеги инвестициялык визаларды (investment visa) берүү жөнүндө өтүнүч берет;
- миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларда аныкталган критерийлерге туура келген чет өлкөлүк жарандарга (Кыргыз Республикасы менен чектешкен өлкөлөрдөн тышкары) убактылуу жашоого уруксаттарды берүү жөнүндө өтүнүч берет;";
4) 22-пункттун алтынчы абзацы "ведомстволук мамлекеттик мекеменин жетекчисин" деген сөздөрдөн кийин ", эркин экономикалык зоналардын башкы директорлорун жана алардын орун басарларын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |