Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 16-декабрындагы ПЖ N 391 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 5-апрели ПЖ № 104
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президенти - Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси - Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү (кызмат орду боюнча):
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Байкоочу кеңештин катчысы.