Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 жарлыгынын негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 18-августу ПЖ № 185
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамында:
Кеңештин курамынан А.Ш.Осмоналиев, Т.И.Султанов, К.О.Иманалиев чыгарылсын;
Кеңештин курамына А.Ш.Султанов - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, А.Ш.Дикамбаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, А.Ы.Мусаев - Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |