Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 20-майы № 266-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын алкагында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын социалдык-экономикалык тез өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча:
1) максаттуу трансферттин көлөмүн 885000000,0 (сегиз жүз сексен беш миллион) сомго көбөйтсүн жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясына Иш-чаралар планын аткарууну каржылоо үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Иш-чаралар планын ишке ашырууда техникалык жана консультациялык жардам көрсөтсүн.
4. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэриясына бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуучу комплекстүү чараларды иштеп чыгуу сунушталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2022-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Акча каражатынын суммасы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (индикаторлор) | Каржы булагы | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1. Бюджет түзүүчү долбоорлор | |||||||
1 | Пржевальский жана Кучуков көчөлөрүнүн кесилишинде үстү жабык муниципалдык базарды куруу | Үстү жабык базарды куруу боюнча долбоордук сунуш: - базардын иштөөсү боюнча регламент иштеп чыгуу; - соода орундарын ижарага берүү | 150,0 млн. сом | 2022-ж. | Шаарда жеке ишкерлер үчүн муниципалдык базар ачылат | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
2 | Таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу | Шаардын тургундары жана коноктору үчүн шарттарды түзүү | 135,0 млн. сом | 2022-ж. | Таза шаар - саламат улут | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
3 | "Жол чарбасы" МИнин базасында АБЗ жана ТББ заводдорун куруу | Долбоорду даярдоого техникалык тапшырма иштеп чыгуу | 100,0 млн. сом | 2022-ж. | Жолдорду оңдоо үчүн шарттарды түзүү | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), АКТКЧМА |
4 | Коомдук жайларда дааратканаларды куруу | Дааратканаларды куруу үчүн ДСД иштеп чыгуу жана канализация жана суу менен камсыз кылуунун борборлоштурулган системасына кошуу менен жер тилкелерин аныктоо | 15,0 млн. сом | 2022-ж. | Шаардын тургундары жана коноктору үчүн шарттар түзүлөт | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
2. Инфраструктуралык долбоорлор | |||||||
5 | Жолдорду капиталдык оңдоо | Элебаев көчөсү (Токтогул көчөсүнөн Пржевальский көчөсүнө чейин 0,8 км); - Жамансариев көчөсү (Карасаев көчөсүнөн кирпич заводуна чейин 2,0 км); - Тыныстанов көчөсү (Гебзе көчөсүнөн Кучуков көчөсүнө чейин 1,2 км); - Ысык-Көл, Парковая, Жамансариев, Алыбаков көчөлөрүн фрезеровкалоо | 240,0 млн. сом | 2022-ж. | Шаардын тургундары жана коноктору үчүн шарттарды түзүү | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), ТКМ |
6 | Тротуарларды куруу | Жалпы узундугу 37 км тротуар курулат | 100,0 млн. сом | 2022-ж. | Шаардын тургундары жана коноктору үчүн шарттарды түзүү | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
7 | Жарыктандырууну орнотуу | Жарык жок көчөлөр үчүн 2000 даана жаңы жарыкдиоддук лампалар сатып алынат (150 W - 1000 даана, 50 W - 1000 даана) | 30,0 млн. сом | 2022-ж. | Шаардын тургундары жана коноктору үчүн шарттарды түзүү | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
8 | Таштанды урналарын орнотуу | 2500 даана таштанды урналары сатып алынат жана шаардын борбордук көчөлөрүнө орнотулат | 5,0 млн. сом | 2022-ж. | Шаарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн таштанды урналар орнотулат жана шарттар түзүлөт | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
3. Социалдык долбоорлор | |||||||
9 | Спорт комплексин куруу | Тиешелүү документтерди даярдоо жана заманбап бассейн, мини-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар спорт комплексин курууга тендер жарыялоо | 60,0 млн. сом | 2022-ж. | Спортчулар машыгуу жыйындарын өткөрө алат | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), АКТКЧМА |
10 | Стадионду реконструкциялоо | Спортчуларга шарт түзүү үчүн стадионду реконструкциялоо | 50,0 млн. сом | 2022-ж. | Спортчулардын санын көбөйтүү | РБ | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
| Бардыгы: 10 долбоор | Бардыгы: 10 иш-чара | 885,0 млн. сом | 2022-ж. |
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
АКТКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
РБ | - | республикалык бюджет |
МИ | - | муниципалдык ишкана |
АБЗ | - | асфальт-бетон заводу |
ТББ | - | темир-бетон буюму |
ДСД | - | долбоордук-сметалык документтер |