ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2022-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 179 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114»Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыгы

Редакция09.06.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 9-июну ПЖ № 179

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ош шаарынын мэриясы Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 157 дарегинде жайгашкан, аянты 2,08 га жер участогу менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттарын клиникалык база катары пайдалануу үчүн Ош мамлекеттик университетинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров