Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 16-июну ПЖ № 196
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кеңештин жана эксперттик жумушчу топтордун ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө, ал эми материалдык-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "6 айда" деген сөздөр "жылына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2022-жылдын 17-июнунда № 53 “Эркин-Тоо гезитинде жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |