Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 83 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105, 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) сот, укук коргоо ишин өркүндөтүү жана судьялардын статусун, соттордун, укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана анын тартибин, сот өндүрүшүн, жазаларды аткарууну, аткаруу өндүрүшүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча маселелер тууралуу сунуштарды даярдоо максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болуп эсептелет.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президенти эсептелет.
4. Кеңештин жыйналыштарын Кеңештин төрагасы өткөрөт. Кеңештин төрагасы болбогондо, анын тапшырмасы боюнча жыйналышты Кеңештин мүчөлөрүнүн бири өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн (мындан ары - бөлүм) башчысы кызмат орду боюнча Кеңештин катчысы болуп эсептелет.
(КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
6. Зарыл болгондо Кеңештин ишине министрликтердин, ведомстволордун, мекемелердин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар жана көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.
7. Кеңештин негизги милдеттери:
- соттордун жана укук коргоо органдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын жазык, процесстик жана башка мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна жана эл аралык укуктук ченемдерге толук ылайык келишине жана предметтин жетиштүү жөнгө салынышына, мыйзамдарда боштуктардын болбошуна талдоо жүргүзүү;
- сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча, ошондой эле соттордун жана укук коргоо органдарынын ишин, анын ичинде аткаруу өндүрүшү жана жазык-аткаруу системасын жөнгө салуучу мыйзамдар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна жана жазык, процесстик жана башка мыйзамдар чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, судьялардын статусун, соттордун, укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана анын тартибин жөнгө салуучу процесстик жана башка мыйзамдардын колдонуу практикасын талдоо, аларга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдар үчүн жазык жана процесстик мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын жана судьялардын статусун, соттордун жана укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана анын тартибин жөнгө салуучу башка мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды, анын ичинде зарыл болгондо артыкчылыктуу тартипте иштелип чыгууга тийиш болгон мыйзам долбоорлорду аныктоо менен мамлекеттик органдардын мыйзам долбоорлоо иштеринин пландары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттер, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды кароо;
- сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча гранттык каражаттардын жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү иш-чараларды координациялоо.
8. Кеңештин жумушчу органдары болуп эксперттик жумушчу топтор эсептелет.
Эксперттик жумушчу топтордун саны жана алардын курамы бөлүмдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилет.
(КР Президентинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 105 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилүүчү маселелерди ар тараптуу талдоо жана даярдоо үчүн:
- республиканын сот жана укук коргоо системаларынын абалын баалоо боюнча маалыматтык-талдоочулук ишти уюштурат жана бардык соттордон, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештен, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинен, укук коргоо органдарынан, министрликтерден жана административдик ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча зарыл маалыматты жана материалдарды суроого укуктуу;
- соттордун, укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана анын тартибин жөнгө салуучу мыйзамдардын натыйжалуулугун талдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентине тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды даярдайт;
- соттордун, укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана анын тартибин, судьялардын статусун жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана сунуштарды карайт;
- өзүнүн жыйналыштарында соттордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, аткаруу бийлигинин органдарынын кызмат адамдарынын сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча маалыматын угат;
- сот жана укук коргоо системаларынын ишин өркүндөтүү, соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча илимий-изилдөө жана эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн окумуштуу-укук таануучуларды, адистерди, көз карандысыз эксперттерди ишке тартат;
- сот жана укук коргоо системаларын түзүүнүн чет элдик тажрыйбасын үйрөнөт, республиканын сотторун жана укук коргоо органдарын реформалоо программаларына эл аралык колдоону камсыз кылууну уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине чет өлкөдөгү укук коргоо жана сот системаларынын өнүгүүсү жана сот өндүрүшү жөнүндө, эл аралык сот жана укук коргоо органдарынын иши жөнүндө маалымдайт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша Кеңештин төрагасынын чечими боюнча, бирок жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 196 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Кеңештин жыйналышы эгер анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу болот.
12. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер Кеңештин катышып жаткан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
13. Кеңештин чечимдери сунуштама мүнөздө болот.
14. Кеңеш эксперттик жумушчу топтордун иши үчүн талаптагыдай техникалык, финансылык жана башка шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасында соттук жана укуктук реформаны колдоо долбоорлорун ишке ашырып жаткан донорлордун, эл аралык уюмдардын гранттык жардамын, бюджеттен тышкары каражаттарды тартууга укуктуу.