Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2022-жылдын 14-июну ПЖ № 188
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Мамлекеттик ишкана) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
- Мамлекеттик ишкананы жоюу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырып, жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы жөнүндө" Жарлыгы.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 17-июнундагы № 53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |