Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №212
Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83, 2023-жылдын 20-июну № 149 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы №393/08-6 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №46 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
-Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр 1-тиркемеге ылайык;
-Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын10-февралындагы №323 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV сессиясынын № 83 токтомуна 1-тиркеме. |
Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83, 2023-жылдын 20-июну № 149 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы №587-токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.
Ап=НхSхК1хК2
Ап-бир айлык ижара акысы;
Н-Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S-жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1-функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2–экономикалык пландаштыруу зонасы.
Функционалдык багыттардын коэффициенттери:
- карьерлер:1 чарчы метрден 10 000 чарчы метрге чейин-1,0; 10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы метрге чейин-0,8; 30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы метрге чейин-0,6; 60 001 чарчы метрден жогорусу-0,4.
- өнөр жай, тоо-кен ишканалары-2;
- кампа ишканалары-3;
-кампа, муз аянтчалары-4;
-бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен)-6;
-коопсуздук боюнча өз алдынча тосуп алган тосмолор-20;
-соода навестер,ашкана навестер жана бастырмалар-10;
-кичи ишканалар 500 чарчы метрге чейин, кийим тигүүчү жайлар (реставрация)-10;
-кичи базарлар-14;
-соода түйүндөр, чачтарачкана, бут кийим оңдоочу түйүндөр, тепкичтер, коомдук тамак-аш, автосервис түйүндөрү, унаа оңдоочу жайлар, май куюучу жайлар (автозаправка), унаа жуучу жайлар, мейманканалар, конок үйлөрү, офистер, биржалар, соода-сатык комплекстери, компьютердик класстар, кайра жасалган квартиралар, сулуулук салону, бизнес борборлор, байланыш түйүндөрү, дарыканалар жана жеке кызмат көрсөтүүчү жайлар, газета сатуу түйүндөрү, киоскалар, ларектор, нан сатуучу түйүндөр, турмуш тиричилик жактан тейлөө, процедурный кааналар-20;
-батуттар, дүкөндүн алдына чыгарып соода жүргүзүүчү жайлар-бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 200 сомдон кем эмес болсун;
-Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер, аттракциондор жана карусельдер бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 200 сомдон кем эмес болсун;
-банктар, ломбарддар, акча алмаштыруучу жайлар, оюн-зоок жайлары, казино, түнкү клубдар, трансформатор, караоке убактылуу аянтчалар бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси айына 200 сомдон кем эмес болсун;
-газ куюучу жайлар жана электр унааларын заряддагыч түйүндөрү ар бир чарчы метрине-500 сомдон кем эмес болсун;
-банкоматтар жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 5000 сомдон кем эмес болсун.
Ошондой эле сезондук соода-сатыктардын төмөндөгүдөй таблицалык формасы бекитилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо бир айдан алты айга чейин сезондук мөөнөттө келишим түзүлсүн:
№ | Сооданын аталышы | Ижара келишиминин мөөнөтү | Ижара акысынын суммасы (сом) |
1. | Дүкөндүн алдына чыгарылган муздаткычтар | 1 ай 1 даанасы | 1000 |
2 | Велосипедтер, сокку автоматы (удар, силомер), электросамокаттар, электромотобилдер | 1 ай | 1500 |
3 | Балдар ойноочу унаа | 1 ай 1 даанасы | 2000 |
4 | Суусундуктар | 1 ай | 2000 |
5 | Промостойка (сим карта сатуучу стол) | 1 ай 1 даанасы | 2500 |
6. | Дарбыз, коон, жашылча жемиштер, гүл сатуу | 1 ай 10 чарчы метрге чейин | 3000 |
7. | Балмуздак, коктейл, газдалган суу аппараттары, көчмө тез татым ж.б. гриль, тандыр, шашлык бышыруучу мангал жана башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары, веб касса | 1 ай | 3000 |
8. | Паровоз (балдар ойноочу) | 1 ай | 5000 |
К2-зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:
1-зона үчүн-2,8;
2-зона үчүн-2,4;
3-зона үчүн-2,0;
4-зона үчүн-1,8;
5-зона үчүн-1,4;
6-зона үчүн-1,2;
7-зона үчүн-0,9;
Эгерде К1 коэффициенти айрым обьектилер боюнча жогоруда көрсөтүлбөсө, курулуш курулбаса же курулуп бирок иштелбей турса, К1 коэффициентине 2 коэффициентин колдонууга жол берилет.
Ошондой эле жер тилкеси эл абдан көп жерде, көчөлөрдүн кесилишинде, чоң мекеме-ишканалардын жана административдик борборлордун жанында жайгашкан болсо К1 коэффициенти 2ден 5ге чейинки түзөтүү коэффициенттерин колдонууга жол берилет. Бул учурда негиздөө тийиштүү адистер тарабынан эсептөө корутундусу же акт түрүндө түзүлөт.
Убактылуу пайдалануудагы жер тилкенин ижара акыларын эсептөөдө ижарачы менен макулдашуунун негизинде ижара акыларын көтөрүүгө жол берилет.
Эгер муниципалдык менчик башкармалыгы менен ижара келишимин түзүп келген жер тилкеге мурун Ош регионалдык шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан корутунду же жер тилкесинин планы берилген болсо, жер тилкенин багыты же аянты өзгөрбөсө ижара келишиминин мөөнөтүн узартууда башкармалык корутундусу жок өз алдынча узарта алат.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица №1):
Таблица №1
Кɵрктɵндүрүү жана жашылдандыруу | 50гɵ чейин | 51-200 | 201-300 | 301-500 | 501-1000 | 1001-5000 | 5001ден жогору |
Баасы: кв. м. (сом кв. м) | 8,0 | 6,0 | 5,0 | 4,0 | 2,5 | 1,5 | 1,0 |
Апз = (SxC);
Апз-жер тилкеси үчүн айлык ижара акынын өлчөмү;
S-жер тилкесинин аянты;
С-ижара акынын нормативдик ставкасы (сом. кв.м).
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Э.Абдыраимов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV сессиясынын №83 токтомуна 2-тиркеме. |
Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы
(Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 83 токтомунун редакциясына ылайык)
1-зона:
-«Прима-Hyp» кичи базарынын району (Ош району), И.Раззаков проспектиси он жагынан Кара-Суу көчөсү менен кесилишкен жерден төрт көчөгө чейин, Артыков көчөсү менен кесилишкенге чейин, сол жагынан Салиева көчөсү менен кесилишкенге чейин;
-Артыков көчөсү Раззаков проспектиси менен кесилишкен жерден Беш-Көпүрө көчөсүнө чейин;
-«Пичугин» атындагы сквер ( Космонавтар сквери) ;
-Ж.Раимбеков көчөсү, Үч-Көчө көчөсү, Базар көчөсү, Борбордук базар;
-Ош көчөсү «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун кичи базарынан «Фрунзе» атындагы мектебине чейинки аймакты кошо камтыйт;
-Кара-Суу көчөсү «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун кичи базарынан Навои мектебине чейин;
-Кара-Суу көчөсү Үч-Көчө көчөсү менен кесилишкен жерден Масалиев проспектисине чейин;
-А.Навои паркынын аймагы;
-Ленин көчөсү Р.Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден Мамажан көчөсүнө чейин, Шейит-Төбө аймагы кошулат, Ленин көчөсүндөгү №551-үйгө чейинки аймакты кошо камтыйт;
-Курманжан-Датка сквери (Ош универмагынын жанында);
-Мамажан көчөсү Базарный көчөсү менен кесилишкен жерден Токтогул көчөсүнө чейин;
-“Араванский” району, Курманжан-Датка көчөсү, 8-март көчөсүнөн Моминова көчөсүнө чейин, Г.Айтиев көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев көчөсүнө чейин;
-Шаардык сквер «Алымбек-Датка» айылы;
-Бакыт үйүнүн алдындагы сквер;
-“Фрунзенский” кичи базарынын району, Курманжан-Датка көчөсү М. А.Джиннах (Советский) көчөсү менен кесилишкен жерден Грибоедов көчөсүнө чейин;
-Монуев көчөсү Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден оң жак сол жак тарабын кошо камтыйт,Верхне-Увамская көчөсүнө чейин, (Ош областык клиникалык ооруканасынын аймагынын акырына чейин);
-Масалиев проспектиси Кара-Суу көчөсү менен кесилишкен (Ош району) жерден Ленинград көчөсүнүн жанындагы А.Масалиевдин эстелигине чейин жолдун оң жак сол жак тарабын кошо камтыйт;
-Б.Осмонов көчөсү (айлампадан) П. Нышанов мектебине чейин;
-Көкүмбий көчөсү Б.Осмонов көчөсү менен кесилишкен жерден №113-маршруттун акыркы аялдамасына чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинен Жунусов көчөсүнө чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү менен Курманжан-Датка көчөсүнүн кесилишинен Жунусов көчөсүнө чейин;
-Төлөнов көчөсү менен Ворошилов көчөлөрүнүн кесилишинен Төлөнов көчөсүнүн 328 үйүнө чейин;
-Алиев көчөсүндөгү сквер, М.А.Джиннах (Советский) жана Асранкулов көчөлөрүнүн ортосу;
-Мамыров көчөсү менен Закиров көчөлөрү кесилишкен жерден Амир-Темир көчөсүнө чейин (Калинин);
-Ленин атындагы борбордук аянты;
-Токтогул атындагы парктын аймагы, бассейндин айланасындагы аймакты кошо камтыйт.
№2-зона:
-Мажрүмтал көчөсү Навои көчөсү менен кесилишкен жерден «Кымыз-Бар» кафесине чейин;
-Б.Осмонов көчөсү Р.Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден «Олигарх» (Мундуз) рестораны «Нирвана» кафесине чейин;
-Курманжан-Датка көчөсү М.А.Джиннах (Советский) көчөсү менен кесилишкен жерден Моминов көчөсүнө чейин;
-И.Раззаков атындагы сквери;
-Ленин көчөсү Ломоносов көчөсү менен кесилишкен жерден Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;
-Областык мамлекеттик администрация менен чиркөөнүн ортосундагы сквер;
-Кыргыз драма театрынын айланасындагы театралдык сквер;
-Амир-Темир (Калинин) көчөсү Г.Айтиев көчөсү менен кесилишкен жерден Мамыров көчөсүнө чейин;
-Мамыров көчөсү Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Амир-Темир көчөсүнө чейин;
-Ош Кыргыз-Өзбек университетинин району «Жетиген» кафеси жана анын айланасы, Ташкентский көчөсүнө чейин, Жеңиш паркы;
-«Айкөл» кафесинин району, Курманжан-Датка ( Юго-Восток) кичи районунун сквери, 2-маршруттун акыркы аялдамасын кошо камтыйт, Мирсаатов көчөсүнө чейин;
-Г.Айтиев көчөсү Алиев көчөсү менен кесилишкен жерден тартып «Сулайман-Тоо» АЗСине чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Темир көчөсүнөн тартып Б.Осмонов көчөсүнө чейин;
-А.Шакиров көчөсү А.Монуев көчөсүнөн «Казына» ресторанына чейин;
-Санк-Петербург менен Мамыров көчөлөрүнүн кесилишинен №44 көчөгө чейин;
Атабаев менен Мамыров көчөлөрүнүн кесилишинен Ленинабад көчөсүнө чейин;
-М.Алимбеков (Фрунзенский) көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;
-Нурматов көчөсү толугу менен Ленин көчөсүнөн А.Шакиров көчөсүнө чейин;
-Мамыров көчөсү менен Амир-Темир көчөлөрүнүн кесилишинен тартып “Касиет” ресторанына чейин;
-Анар кичи району толугу менен.
№3-зона:
-А.Масалиев проспектиси А.Масалиевдин эстелигинен баштап Нурматов көчөсүнүн кесилишине чейин;
-Сулайман-Тоонун жака бели;
-И.Раззаков проспектиси Артыков көчөсүнөн («KICB» банктан) «Гулкайыр» дүкөнүнө, Госрегистрге бурулган көчөгө чейин;
-Гренажный көчөсү Нурматов көчөсү менен кесилишкен жерден А.Шакиров көчөсүнө чейин (жибек) комбинатынын скверинин району;
-Р.Абдыкадыров көчөсү Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;
-Мамыров көчөсү Амир-Темир көчөсү менен кесилишкен жерден Б. Осмонов көчөсүнө чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Амир-Темир көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерден Нурматов (Голубев) көчөсүнө чейин;
-Асранкулов көчөсү Курманжан-Датка көчөсүнөн Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;
-Г.Айтиев көчөсү «Сулайман-Тоо» АЗСинен тартып Б.Осмонов-Ахмедов көчөлөрүнүн кесилишине чейин;
-Т.Кулатов кичи районунун ички кварталы;
-Көкүмбий көчөсү №113 маршруттун акыркы аялдамасынан тартып Ош-Араван трассасы Кеңеш айылынын бурулушуна чейин;
-Касымбеков көчөсү, шаардык МАИ нин айланасы жана терек базар;
-Ленин көчөсү №551 үйдөн, Касымбеков көчөсүнүн кесилишине чейин;
-Курманжан-Датка көчөсү 8-март көчөсү менен кесилишкен жерден тартып Касымбеков көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү №551 үйдөн Касымбеков көчөсүнүн кесилишине чейин; «Амир-Темир» кичи району ( С. Айни-Имам Ата көчөлөрү);
-У.Салиева көчөсү, «KICB» банктан У.Салиева көчөсүндөгү №40 үйгө (гармошка үй) чейин;
-А.Шакиров көчөсү «Казына» ресторанынан тартып №2 «Карл-Маркс» мектебине чейин;
-Туран кичи районунун аты аталбаган бардык аймактары;
-Ишматов көчөсү Төлөнов көчөсү менен кесилишкен жерден №9 жана №22-маршруттардын акыркы аялдамасына чейин, кичи базардын аймагын кошо камтыйт;
-Төлөнов көчөсү, Низами көчөсү менен кесилишкен жерден Ишматов (Южный) көчөсүнө чейин;
-«Нуманжан» кичи базарынын району (Геологдор шаарчасы), Суюмбаев (Шахтерский) көчосү, Низами көчөсү;
-Ак-Тилек кичи району толугу менен; -Т.Турсунбаева (Привокзальный) көчөсү толугу менен;
-Курманжан-Датка көчөсү Суюнбаев көчөсү менен кесилишкен жерден М.Алымбеков (Фрунзенский) көчөсүнө чейин;
-А.Жунусов (Чапаев) көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев көчөсүнө чейин;
-Черемушка жана Достук кичи райондорунун ички кварталдары;
-Ош шаарынын аэропортунун жанындагы учак шаарчасы (авиагородок);
-Н.Исанов көчөсү Кыргыз-Өзбек Университетинен тартып троллейбустун акыркы аялдамасына чейин.
№ 4- зона:
-Раззаков проспектиси «Гулкайыр» дүкөнүнөн Госрегистрге бурулган көчөдөн Касымбеков көчөсүнө чейин;
-Навои көчөсү Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Алебастров көчөсүнө чейин;
-Ашимахунов көчөсү А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден эски нефтебазага чейин;
-«Ата-Түрк» сквери, «Кыргызстан» кинотеатрынын аймагы, Г.Айтиев көчөсүнө чейин;
-Областык төрөт үйүнүн аймагы Школьный, Шота-Руставели көчөлөрү, областык СЭСтин айланасындагы аймактар, Урицский көчөсү, Школьный көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;
-И.Раззаков проспектинен Касымбеков көчөсү «Кайнар» заправкасына чейин;
-Касымбеков көчөсүнөн Салиева көчөсүндөгү №40 үйгө (гармошкага) чейин;
-Артыков көчөсүнөн М.Ахунов жана Темир жол көчөсүнүн аягына чейин;
-И.Раззаков проспектиси Касымбеков көчөсү менен кесилишкен жерден темир жол өтмөгүнө чейин;
-Ленин көчөсү Төлөйкөн айылынан баштап Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерге чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү Алиев көчөсү менен кесилишкен жерден Амир-Темир көчөсүнө чейин;
-Туран кичи районунун ички кварталдары жана Дача участкасы толугу менен.
№5-зона:
-Касымбеков көчөсү Салиева көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин.
-А. Мадумаров көчөсү толугу менен:
- Ош шаарынын ички кварталдык аймактары.
№ 6-зона:
-Ош шаарынын Амир-Темир жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы (ички кварталдар).
№7-зона:
-Ош шаарынын чет жактарындагы аты аталбаган көчөлөр.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Э.Абдыраимов |