Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 8-сентябры ПЖ № 352
Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 655, 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 58, Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын андан ары коргоону камсыз кылуу, терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүүнү күчөтүү, Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 46-статьяларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттердин Планынын 36-статьясын жетекчиликке алып жана бул маселе Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзам актылары менен жөнгө салынганга чейин токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо Кызматы (мындан ары - Кызмат) түзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 58 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын финансыдык чалгындоо Кызматы жана анын түзүмү жөнүндө Жобонун долбоорун:
- Кызматты түзүү боюнча уюштуруу планынын долбоорун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кызматты түзүү менен байланышкан бардык уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү боюнча сунушу киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |