Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерин башкаруу жана аларга чектелген буюм укуктарын берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерге, мүлктүк комплекске же анын бөлүгүнө чарбалык жүргүзүү, ыкчам башкаруу, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу же ижаралоо (субижаралоо) келишим түзүүгө укуктарды берүү тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул жобонун иштөөсү төмөндөгүлөргө жайылтылат:
турак эмес имараттарга, курулмаларга, жайларга жана аларга бекитилген жана кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары түзүлгөн жер участокторго, кыймылдуу мүлк объекттерине, көрктөндүрүү объекттерине жана муниципалдык мүлк объекттеринин реестринде турган башка объекттерге;
калктын маданий-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууну камсыздаган, мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринде турган, мүлк комплексине (мүлк комплексинин бөлүгүнө).
3. Ыйгарым укуктуу орган ушул жободо бекитилген тартипте, № 1 тизмеде турган колдонуучулардын тапшырыктарынын негизинде мүлк комплексинин бөлүгүн субижарага берет. Мүлк комплексинин бөлүгү архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү архитектуралык чечимдин негизинде аныкталат.
4. № 1, № 2 тизмелер, № 1 № 2, № 3 № 4 тизмектер, алардагы өзгөртүүлөр Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
5. Ыйгарым укуктуу орган жылына бир жолу отчёттук мезгилден кийинки биринчи кварталдан кечиктирилбестен, Бишкек шаардык кеңешине аткарылган иштер жөнүндө отчёт берет.
6. Муниципалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын чогултуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине (мындан ары - муниципалдык мүлк) башкаруу жана тескөө боюнча, ошондой эле, жер участокторунан тышкары, муниципалдык мүлктү, алардын экономикалык жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, натыйжалуу, рационалдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыздоо боюнча ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк боюнча комиссиясы (мындан ары - комиссия) - муниципалдык мүлккө чектелген буюм укуктарын берүү менен байланышкан маселелерди, ошондой эле электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү маселелерин чечүү үчүн ушул жобого ылайык түзүлүүчү коллегиалдуу орган;
№ 1 тизме - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттер чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга же мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга бериле турган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин тизмеси;
№ 1 тизмек - № 1 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, физикалык жана юридикалык жактарга чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга же бериле турган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
№ 2 тизме - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук маанилүү социалдык иш-аракеттерге байланыштуу жеңилдетилген негизде кыймылсыз объекттерди бере турган уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын тизмеси;
№ 2 тизмек - № 2 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
№ 3 тизмек - 5 жылга чейинки мөөнөткө рыноктук ижара акысы менен ижарага берилүүчү Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
№ 4 тизмек - 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берилүүчү №1, 2, 3 Тизмекке киргизилбеген, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин тизмеги;
аукцион - эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү боло алган, муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин түзүү укугуна электрондук форматта өткөрүлүүчү тооруктун түрү;
катышуучу - аукционго катышууга киргизилген талапкер;
электрондук соода аянтчасы - аукционду уюштуруу, өткөрүү жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (жеке катышуусуз) ишке ашыруу үчүн мүмкүндүк берүүчү Интернет тармагында жайгаштырылган маалыматтык система;
электрондук кол тамга (ЭКТ) - башка маалыматка электрондук формада кошулган жана/же аны менен логикалык жактан байланышкан маалыматка анын атынан кол койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук документ - электрондук формада берилген, башкача айтканда электрондук эсептөөчү машиналарды пайдалануу менен адам тарабынан кабыл алынуусу үчүн жарай турган түрдөгү документтештирилген маалымат;
кыймылдуу муниципалдык мүлк - акча жана баалуу кагаздарды кошо, кыймылсыз мүлккө кирбеген буюмдар;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
Бишкек шаарынын жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган - Бишкек шаарынын жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
кепилдик төгүм - кыймылсыз объектке ижара укуктарын сатып алуу максатында электрондук аукционго катышууну каалаган катышуучу тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
депозит - түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүнүн аягына чейин ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине келишим боюнча милдеттерди аткаруунун кепилдик камсыздоосу катары төлөнүүчү, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган, үч айлык ижара төлөмүнө тең болгон акчалай сумма;
лот - аукционго коюла турган муниципалдык мүлк, ижара укуктары;
мүлктү саат боюнча колдонуу менен убактылуу пайдаланууга берүү - муниципалдык мүлк объекти сааттык колдонуу менен субижаралоого берүү;
мүлктүк комплекс - аларды жалпы социалдык жана өндүрүштүк багыт боюнча бир бүтүндү түзүүчү жана пайдаланууну болжолдоочу кыймылдуу жана кыймылсыз муниципалдык мүлк объекттеринин жыйыны.
III. Чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу укугу
7. № 1 тизмеге төмөнкүлөр киришет:
а) Бишкек шаарынын жашоосун камсыз кылуу үчүн муниципалдык мүлк объекттер чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга бериле турган муниципалдык ишканалар, уюмдар жана мекемелер;
б) толук же жартылай жергиликтүү бюджеттен каржыланган, Бишкек шаарынын жашоосун камсыздоону колдогон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан милдеттүү катары аныкталган кызматтарды калкка көрсөткөн, муниципалдык болуп эсептелбеген ишканалар, уюмдар жана мекемелер. Бул жактарга муниципалдык мүлк объекттери мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга берилет;
в) Бишкек шаарынын калкына социалдык кызматтарды акысыз көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар. Бул жактарга мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу Бишкек шаардык кеңешинин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
8. № 1 тизмекке № 1 тизмеге киргизилген ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга берилген муниципалдык мүлк объекттери киришет.
9. Бекитилген № 1 тизмеге жана № 1 тизмекке ылайык ыйгарым укуктуу орган чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу келишимин түзөт.
10. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн негиз болуп келишим түзгөндөн кийин профилдин, келишим түзүлгөн учурда болгон пайдалануучунун ишмердигин каржылоо булагынын өзгөрүүсү саналат.
11. Мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин, ыйгарым укуктуу органдын жазуу түрүндөгү макулдугу менен, комиссиянын чечиминин негизинде мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу келишими ошол эле шарттарда, ушундай эле мөөнөткө жаңыртылган болуп эсептелинет.
12. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, мөөнөттүү кайтарымсыз пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга өткөрүлүп берилген турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар толук же жарым жартылай колдонулбаган, же бошотулган учурда, аларды андан ары пайдалануунун тартиби, анын ичинде аларды бир тизмектен экинчисине которуу комиссия тарабынан аныкталат жана анын сунуштоосу боюнча Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
13. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктү чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү кайтарымсыз пайдалануу укугун алган уюмдар, мекемелер жана ишканалар менчик ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз ага бекитилген мүлктү ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укугу жок, ошондой эле уюм, мекеме же ишкана банкрот болгон учурда муниципалдык мүлк ажыратылууга жатпайт жана бул мүлккө менчик укугу сакталган менчик ээсине кайтарылып берилет.
IV. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижаралоо
14. № 2 Тизмеге төмөнкүлөр киришет:
а) жергиликтүү бюджеттен толук же жарым жартылай каржылануучу, № 1 тизмеге киргизилбеген ишканалар, уюмдар, мекемелер, Бишкек шаарынын калкына социалдык маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү жеке, юридикалык жактар.
15. № 2 тизмекке № 2 тизмеге киргизилген ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна берилген муниципалдык мүлк объекттери кирет.
16. № 2 тизмектин долбоору ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасынын негизинде комиссия тарабынан каралат. Долбоор муниципалдык мүлктүн аянтынын (курамынын) көрсөтүлүшүн, ошондой эле берүү мөөнөттөрүн камтыйт.
17. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн жалпы пайдалануудагы жерлер, коомдук транспорт аялдамалары, жарнамалык калкандар жеңилдетилген ижара акысы менен пайдаланууга берилбейт.
V. Муниципалдык мүлктү жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берүү тартиби
18. Жеке жана юридикалык жактардын жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугун берүү жөнүндө арыздар, арызга каттоо катар номерин берүү менен арызды каттоо датасы боюнча кезектүүлүктү белгилөө менен аларды электрондук реестрде каттай турган ыйгарым укуктуу органга берилет. Арыздын кабыл алынгандыгы жана каттоосу тууралуу жазуу жүзүндөгү тастыктоо берилет.
19. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укугун берүү жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын арызы төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:
а) турак эмес имараттын, курулманын же жайдын, аларга бекитилген жер участокту көрсөтүү менен тиби, жалпы аянты;
б) мүлктү пайдаланууда иш-аракеттердин максаты жана социалдык маанилүүлүгүнүн негиздемеси;
в) ижаралоонун болжолдуу мөөнөтү.
20. Жеке жана юридикалык жактардан жеңилдетилген ижара акысы менен ижара укуктарды берүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу тууралуу маалыматы Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында жайгаштырылат.
21. № 2 тизмеге киргизилген жактарга жеңилдетилген ижара акысы менен убактылуу пайдалануу укугу № 2 тизмекке киргизилген турак эмес имараттарга, курулмаларга же жайларга ижарачылар тарабынан алардын бошотулушуна жараша кезектүүлүк принциби боюнча берилет.
22. Кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу укугун берүү жөнүндө ар бир арыз же жеке, юридикалык жактардын өкүлү тарабынан ырасталган, сунушталган кыймылсыз объектти пайдалануу укугунан жазуу жүзүндөгү баш тартуу ыйгарым укуктуу органдын электрондук реестринде катталууга тийиш.
23. Арыз ээси аянты алар берген арызга ылайык келген, сунушталган кыймылсыз объектти пайдалануу укугунан экиден жолудан ашык баш тарткан учурда, комиссия жеңилдетилген ижара акысы менен муниципалдык мүлктү пайдалануу укугу бар жактардын кезегинен чыгарат. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берүү жөнүндө кайра берилген арыз кезектен чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин берилиши мүмкүн.
24. Ыйгарым укуктуу орган № 2 тизмеге киргизилген жактарга, убагы жана (же) аянты боюнча өзүнчө объекттерди бөлүп пайдаланбоосу менен бир нече жактардын жеңилдетилген ижара акысы менен № 2 тизмекке киргизилген ошол эле турак эмес имаратты, курулманы же жайды биргелешкен (жалпы) пайдалануу укугун сунуштоого укуктуу.
25. Жеңилдетилген ижара акысы менен биргелешкен (жалпы) пайдаланууда ижара акысы ижарачылар ортосунда ар бир ижарачы тарабынан пайдаланылуучу турак эмес имараттын, курулманын же жайдын убагына жана (же) аянтына пропорциялуу бөлүнөт.
VI. Жеңилдетилген ижара акысы менен кыймылсыз мүлктүн ижара келишими
26. № 2 тизмеге киргизилген ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жеке жактар № 2 тизме жана № 2 тизмек бекитилген күндөн тартып он жумуш күн ичинде ыйгарым укуктуу орган менен № 2 тизмекке киргизилген тийиштүү турак эмес имараттын, курулманын же жайдын жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимин түзөт.
27. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишимине кол коюудан баш тартуу учурунда ыйгарым укуктуу орган 10 жумуш күндүн ичинде комиссиянын кароосуна № 2 тизмеден бул ишкананы, мекемени, уюмду же жеке жакты чыгаруу жөнүндө маселени киргизет.
28. Жеңилдетилген ижара акысы менен ижара келишими ижарага алынган мүлктү пайдалануунун максаттуу багытына жараша 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
29. Комиссиянын сунушу боюнча № 2 тизмеге киргизилген ар бир ижарачы үчүн Бишкек шаардык кеңеши тарабынан жеңилдиктердин пайызы белгиленет жана бекитилет.
VII. Рыноктук ижара акысы менен ижаралоо
30. № 3 тизмекке аукциондун негизинде рыноктук ижара акысы менен ижаралык пайдаланууга берилүүчү муниципалдык мүлк объекттери киришет.
31. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерге рыноктук ижара акысы менен мүлктү пайдалануу укугун берүү аукцион өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
32. Жеке жана юридикалык жактарга рыноктук ижара акысы менен муниципалдык мүлктү пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
а) жанаша жайгашкан жер участогу менен турак эмес имараттарга, курулмаларга же жайларга;
б) мүлктүк комплекстерге (мүлктүк комплекстин бөлүгү);
в) кыймылсыз мүлк бирдиги катары түзүлгөн жана муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу органга бекитилген жалпы пайдалануудагы жерлерге, жер участокторго;
г) коомдук транспорт аялдамаларына, жер үстүндөгү, жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүнө, монументтик курулмаларга, таянычтарга, жарнамалык калкандарга, жол өтмөктөрүнө, көрктөндүрүү объекттерине;
д) № 1, № 2, № 4 тизмектерге киргизилген объекттерди кошпогондо, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган башка кыймылсыз мүлк объекттерине.
33. 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлгөн ижара (субижара) келишимдеринин иштөө мөөнөтүн узартууда, ижара акысынын суммасы келерки 1-5 жыл үчүн инфляция суммасына барабар өлчөмдө көбөйтүлүүгө тийиш.
34. Инфляция пайызын аныктоодо ыйгарым укуктуу орган акча-насыялык саясат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жыл сайын бекитилүүчү отчётун жетекчиликке алат.
35. Ушул жободо көрсөтүлгөн, бекитилген коэффициенттерди аукционго коюлуучу объекттерге карата колдонуу мүмкүн эмес болгон учурда, баштапкы ижара акынын суммасы комиссия тарабынан аныкталат.
36. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган жак жана ыйгарым укуктуу орган аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде аукционду өткөрүү жөнүндө билдирмеде көрсөтүлгөн протоколго кол коюлган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин (мындан ары - ижара келишими) түзүшөт.
37. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган жак белгиленген мөөнөттөрдө ижара келишимине кол коюудан баш тарткан учурда, киргизилген кепилдик төгүмүн жоготот, ал эми ыйгарым укуктуу орган муниципалдык мүлктү пайдалануу укугунан баш тартуу деп кабыл алат.
38. Ижара келишимине кол коюудан баш тарткан тооруктардын уюштуруучусу аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүмүн кайтарууга милдеттүү.
39. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган жак менен ижара келишимин түзүүдө, ал киргизген шертпулдун суммасы түзүлгөн ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине эсептелинет.
40. Аукциондун жеңүүчүсү тарабынан келишимдин шарттары бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган бул ижара келишимин бузуу жөнүндө маселени комиссиянын кароосуна киргизет.
41. Ижара келишими ыйгарым укуктуу орган менен аукциондо жеңүүчүсү- жактын ортосунда түзүлөт.
42. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишими ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объектинин рыноктук ижара акысы менен типтүү ижара келишиминин негизинде түзүлөт.
43. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишими бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.
44. Комиссиянын чечими менен ижара келишиминин иштөө мөөнөттөрү өз каалоосун билдирген жана ижара келишиминин шарттарын бузбаган ижарачыларга ушундай эле мезгилге узартылышы мүмкүн.
45. Келишимди иштөө мөөнөтүн узартуу мурда түзүлгөн келишимди узартуу жөнүндө кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.
46. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүү учурунда ижарачы ыйгарым укуктуу орган тарабынан депозитте кармалып туруучу үч айлык ижара акы өлчөмүндөгү сумманы күрөө суммасы катары төлөйт.
47. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай мурун ижарачы он күндүк мөөнөттө ижара келишимин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн чараларды көрөт же келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ижарага алынган кыймылсыз мүлк объектисин бошотот жана ыйгарым укуктуу органга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берет.
48. Кыймылсыз мүлк объекти өз убагында бошотулбаган учурда ижарачы ыйгарым укуктуу органга ар бир өтүп кеткен күн үчүн бир айлык ижара акысынын суммасынан 5 пайыз өлчөмдө үстөк айып төлөйт.
49. Мында күрөө суммасы кыймылсыз мүлк объектисин өз убагында бошотулбагандыгы үчүн ижара акысы, үстөк айып боюнча карыз же объекттин накта эскиришинен ашкан өлчөмдө рыноктук ижара акысы менен ижарага берилген объекттин оңдоо наркы түрүндө ижарачынын күнөөсү менен келтирилген материалдык зыянды жоюу боюнча сумманы эсептен чыгаруу үчүн ижара келишимин колдонуу мөөнөтү аяктаганда, ижарага алынган кыймылсыз мүлк объектиси бошотулгандан кийин ижарачыга кайтарылат.
50. Бошотулган кыймылсыз мүлк объекти рыноктук ижара акысы менен аны ижарага берүү үчүн аукционго коюлат.
51. Ижарага алынган муниципалдык мүлктү пайдалануу менен байланышкан башка чыгымдарды ижарачы көтөрөт.
52. Аукционду өткөрүү тартиби жана жыйынтыктары, анын ичинде аларды жараксыз деп таануу менен байланышкан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
VIII. Беш жылдан жыйырма жылга чейин ижарага берүү
53. № 4 тизмекке ижаралык пайдаланууга берилген, № 1, № 2, № 3 тизмекке кирбеген муниципалдык мүлк объекттери киришет.
54. Беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөтү менен муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун берүү, төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) жеке жана юридикалык тараптарга наркы жыйынтыгында 10 жыл үчүн баштапкы ижара төлөмүнүн өлчөмү ашпаган, капиталдык оңдоолорду талап кылган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган, кыймылсыз мүлк объекттерди колдонуу укуктарын берүү;
2) жеке жана юридикалык жактардын эсебинен, белгиленген тартипте ратификацияланган түзүлгөн эл аралык макулдашуулардын негизинде социалдык объекттерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.
Беш жылдан жогору мөөнөт менен Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерине пайдалануу укуктарын берүүдө, муниципалдык менчикке бардык өндүрүштүк жакшыртууну, жаңы объекттерди курууну, объектти эксплуатацияга берген учурдан тартып реконструкциялоону, кайра пландоону берүү милдеттүү шарт болуп саналат.
55. Жеке жана юридикалык жактардын эсебинен, белгиленген тартипте ратификацияланган, белгиленген тартипте түзүлгөн эл аралык макулдашуулардын негизинде социалдык объекттерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда, социалдык объекттерди курууга ижара укугун берүү аукцион өткөрбөстөн, Бишкек шаардык кеңешинин чечими боюнча келишимдик негизде жүргүзүлөт.
56. 53-пунктун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн, кыймылсыз мүлк объекттерине колдонуу укугун берүү, узартуу укугунан башкасына, ушул жободо белгиленген, курулган объекттерди сөзсүз муниципалдык менчикке өткөрүп берүү шарты менен аукцион өткөрүүнүн жалпы принциптеринде жүргүзүлөт.
57. 53-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн, объекттердин капиталдык оңдоолоруна керектүү акча каражаттарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын заказы боюнча көз карандысыз баалоо компаниясы тарабынан аныкталат.
58. Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин ижаралык пайдалануу укуктарын берүү, ушул жобонун 51-пунктунун 2-пунктчасынан башкасы, аукцион аркылуу №4 тизмек бекитилгенден кийин жүргүзүлөт.
59. Муниципалдык менчик объекттерин беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө ижаралык пайдаланууга берүүдө Бишкек шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине жана деталдуу пландаштыруу долбооруна ылайык, ижарачыга белгиленген тартипте капиталдык объекттерди куруу, реконструкциялоо, көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин өзгөртүү менен объекттин арналышын өзгөртүү жана кайра пландаштыруу жүргүзүүгө, ошондой эле түзүлгөн ижара келишиминин шарттарына ылайык ижаралык пайдаланууга берилген жанаша жайгашкан жер участогу менен бөлүнүп берилген объектте бузууну ишке ашырууга уруксат берилет.
60. Ыйгарым укуктуу органдын заказы боюнча архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган № 4 Тизмекке киргизилген ар бир объект боюнча, анын параметрлери жана аянты (кабаттуулугу, квадратурасы, дайындалышы ж.б.) боюнча курулуш куруунун жана реконструкциялоонун мүмкүн болгон түрлөрүнүн тизмеги жөнүндө маалыматтары менен берилген шаар куруу ниеттеринин туура келүү предметине карата шаар куруу корутундусун даярдайт.
61. Шаар куруу корутундусу алынгандан кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте ушул жобонун 58-пунктуна ылайык маалыматты камтыган жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жайгаштырылат.
62. № 4 тизмекке киргизилген муниципалдык мүлктү пайдалануу укугу үчүн баштапкы баа төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
муниципалдык мүлк жайгашкан, Бишкек шаарынын жерлерди башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген жер участогуна коэффициенттер боюнча баштапкы коюмду;
муниципалдык мүлктүн баланстык наркынын суммасын.
63. Муниципалдык мүлк бузулган учурда түзүлгөн ижара келишимдин шарттарына ылайык, муниципалдык мүлккө зыян келтирүүнү алдын алуу максатында, ижарачы ыйгарым укуктуу органдын депозиттик эсебине объектти эксплуатацияга киргизүү жана муниципалдык менчикке өткөрүп берүүдөн кийин кайтарыла турган, бузулууга тийиш муниципалдык объекттин баланстык наркынын суммасын киргизүүгө милдеттүү.
64. Ижарачыга жер участогу менен ижаралык пайдаланууга алынган объектте турак жайларды курууга тыюу салынат.
65. Ижара акысынын эң көп суммасын сунуштаган жак жеңүүчү болуп саналат. Ижара акысынын суммасы ижара келишимин колдонуунун бүткүл мезгилинде өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктары боюнча ижара келишиминде көрсөтүлгөн суммага барабар болот.
66. Бул жобонун 51-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, аукциондун жеңүүчүсү деп табылган жак жана ыйгарым укуктуу орган аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде, электрондук аукциондун жеңүүчүсү аныкталган датадан тартып жети календардык күндүн ичинде узак мөөнөттүү ижара келишимин түзөт.
67. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган жак, белгиленген мөөнөттө узак мөөнөттүү ижара келишимине кол коюудан баш тарткан учурда, төлөнгөн кепилдик төгүмүн жоготот, ал эми ыйгарым укуктуу орган муну муниципалдык мүлктү колдонуу укугунан баш тартты болуп кабыл алынат.
68. Аукциондун жеңүүчүсү деп табылган жак менен узак мөөнөттүү ижара келишимин түзүүдө, алар төлөгөн шертпулдун суммасы түзүлгөн ижара келишими боюнча милдеттерди аткаруу эсебине чегерилет.
69. Узак мөөнөттүү ижара келишиминин шарттары бузулган учурда, ыйгарым укуктуу орган бул келишимди бузуу жөнүндө маселени комиссиянын кароосуна киргизет.
70. Түзүлгөн узак мөөнөттүү ижара келишиминин алкагында жаңы объектилерди жана реконструкциялоо объекттерин берүү шарттарына өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
71. Түзүлгөн узак мөөнөттүү ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганда узартууга болбойт. Жаңы объект белгиленген тартипте аукцион өткөрүү жолу менен жалпы негиздерде ижарага берилүүгө тийиш.
72. Ижарага берүүчү тарабынан узак мөөнөттүү ижара келишимин бузуу демилгеси болгон учурда, ижарачы тарабынан кеткен бардык чыгымдар, келтирилген зыяндын суммасы менен калыбына келтирилүүгө тийиш.
73. Узак мөөнөттүү ижара келишими бештен жыйырма жылга чейин түзүлөт.
74. Ижарага алынган муниципалдык мүлктү колдонуу менен байланышкан башка чыгымдарды ижарачы тартат.
75. Аукцион жүргүзүү тартиби жана жыйынтыктары менен, анын ичинде жараксыз деп табуу менен байланышкан талаштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
IX. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион уюштуруу
76. Электрондук соода предмети болуп Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде болгон кыймылсыз мүлк объектисине рыноктук ижара акысы менен субижара, узак мөөнөттүү ижара келишимин түзүү укугу болуп саналат.
77. Муниципалдык мүлктү аукционго коюу жөнүндө комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аукцион өткөрүүгө чейин датадан 30 күндөн кем эмес убакта "өздүк кабинет" аркылуу электрондук соода аянтында маалыматтык билдирүү жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоосу, Бишкек шаарынын мэриясынын сайтында аукцион өтүүсү жөнүндө билдирүү жайгаштырууга милдеттүү.
78. Маалыматтык билдирүү милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек:
а) ижарага берүүчүнүн аталышы;
б) муниципалдык мүлктүн жайгашкан орду;
в) идентификациялык коду жана функционалдык багыты, аянты жана параметрлери (мүнөздөлүшү), техникалык абалы;
г) аукционго катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
д) аукционго катышуу үчүн арыздарды кабыл алуунун жана бүтүү датасы, убакыты;
е) баштапкы баасы;
ж) кепилдик төгүмдүн суммасы жана мөөнөтү, аны которууга керек болгон банктын реквизиттери;
з) аукциондун кадамынын өлчөмү;
и) ижара мөөнөтү;
к) электрондук соода аянтынын кызматынын баасы;
л) ыйгарым укуктуу органдын кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш маалыматтары;
м) ижарага берүүчүнүн кароосу боюнча башка маалыматтар;
н) ыйгарым укуктуу органдын корутундусу (узак мөөнөттүү ижара).
79. Аукцион өткөнгө чейин электрондук соода аянтында каттоодон өткөн жактар аукционго катышууга жиберилет.
Каттоо жүргүзүлөт:
а) төмөнкүлөрдү колдонуу менен жеке жактар үчүн:
электрондук кол коюуну;
талапкердин катталган телефон номерине жөнөтүлгөн ПИН-кодун тастыктоо менен, электрондук чиптин болуусу менен (е-ID) ID-картасы;
б) төмөнкүлөрдү колдонуу менен юридикалык жактар үчүн:
электрондук кол коюуну;
бул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн электрондук документтерди тиркөө менен идентификациянын колдонулуучу формаларын:
юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;
жеке жактын идентификациялык маалыматтары боюнча жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук же каттоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу жакка ишеним кат.
80. Электрондук соода аянтына катышкан талапкерлердин жана ижара берүүчүнүн ортосундагы документ жүргүзүү электрондук документ же документтердин электрондук үлгүсү (реквизиттерди сактоо менен сканерленген электрондук-цифра түрүндө кайра түзүлгөн кагаздагы документтер) түрүндө электрондук соода аянтында жүргүзүлөт.
81. Аукцион ижара акысынын баасын көтөрүүгө жүргүзүлөт. Аукцион кадамынын өлчөмү баштапкы баасынын 20 пайызын түзүүсү керек жана аукцион өткөрүлүп бүткөнчө өзгөрбөйт. Аукционго коюлуучу бардык объекттер лотторго бөлүнөт. Аукциондо объекттер "бир номер - бир лот" чиймеси боюнча сатылат.
X. Аукциондун катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
82. Электрондук аянттын оператору төмөнкү милдеттерди аткарат:
а) электрондук соода аянтында аукциондун катышуучуларын каттоо мүмкүнчүлүгүн, алар тарабынан идентификациялык маалыматтардын киргизилүүсүн камсыздайт;
б) электрондук соода аянтында талапкерлерди каттоо тартибин аныктайт;
в) электрондук форматта муниципалдык мүлккө ижарага келишим түзүү укугуна аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн аукциондун катышуучуларынын арыздарын, алар бардык пункттарды толтурган учурда берүүсүн, кабыл алуу мөөнөтү бүткөндө арыздарды берүүнү токтотууну камсыздайт;
г) электрондук форматта муниципалдык мүлктүн ижара келишимин түзүү укугуна аларды катышуучу деп таанылгандыгы же аукционго катышууга кое берүүдө баш тартуу жөнүндө талапкерлерге кабарлоону камсыздайт;
д) колдонуу укугун берүү жол-жобосуна бардык катышуучулардын бирдей мүмкүнчүлүгүн, электрондук соода аянтында колдонулуучу программа-аппараттык каражаттардын ишенимдүү иштөөсүн камсыздайт;
е) электрондук соода аянтында электрондук форматта муниципалдык мүлккө ижара келишимин түзүү укугуна аукцион өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну камсыздайт;
ж) ыйгарым укуктуу органга электрондук документтерди жиберүүдөн башка учурларда, аукциондун талапкерлери жана катышуучулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;
з) бул жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
83. Электрондук соода аянтынын оператору төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
а) электрондук соода аянтына талапкерлердин жана катышуучулардын кирүү мүмкүндүгүн камсыздоо;
б) келген табыштамалар жана аларга тиркелген документтер жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле бул жободо каралган табыштамаларга жана документтерге ыйгарым укуктуу органдын кирүү мүмкүндүгүнөн тышкары, табыштама берген жактар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун электрондук соода аянтында табыштамаларды кабыл алуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты жайгаштыруу учуруна чейин камсыздоо.
84. Электрондук соода аянтынын оператору электрондук соода аянтындагы программа-аппараттык каражаттар менен белгиленген техникалык бузулуу учурунда муниципалдык мүлккө ижара келишимин түзүү укугуна аукцион өткөрүүнү, бирок бир суткадан ашпаган мөөнөткө токтотот. Аукцион жүргүзүүнү кайра баштоо ал токтотулган учурдан башталат.
Электрондук соода аянтынын оператору аукцион жүргүзүү токтотулган учурдан бир сааттын ичинде аукциондун токтотулган себебин, аукциондун токтотулган жана кайра башталган убагын электрондук соода аянтында жайгаштырат, бул жөнүндө катышуучуларга кабарлайт, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматты ыйгарым укуктуу органга жиберет.
85. Оператор аукциондун катышуучулары жана талапкерлери тарабынан интернет тармагына кошулуудагы бузулуу үчүн, ошондой эле тутумдагы электр берүүгө байланышкан жана форс-мажордук жагдайлар үчүн жоопкерчилик тартпайт, б.а. жеңилгис күчтөрдүн жагдайлары (суу каптоо, өрт, жер титирөө, жарылуу, эпидемиялар же башка жаратылыш кырсыктары, согуш, согуш аракеттерин киргизүү, өзгөчө кырдаал же согуштук абалды киргизүү).
86. Муниципалдык мүлккө ижара келишимин түзүү укугуна аукцион уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу, электрондук документтер, анын ичинде ижарага берүүчүдөн, талапкерлерден жана катышуучулардан алынгандар электрондук соода аянтынын оператору тарабынан сакталат.
87. Электрондук соода аянтынын операторуна муниципалдык мүлккө ижарачы катары чыгууга тыюу салынат.
88. Ижара берүүчү сатууга катышуу үчүн талапкерлердин талабы боюнча муниципалдык мүлктүн учурдагы абалын кароо үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылышы керек. Талапкерлердин суроосу боюнча ижара берүүчү укук белгилөөчү документтерди жана объектинин сүрөткө тартылган материалдарын таанышуу үчүн берүүгө милдеттүү.
89. Ижарага берүүчү тарабынан ижара келишимин түзүү укугуна аукцион жарыяланган муниципалдык мүлктү колдонуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, ижара берүүчү табыштама кабыл алынган күндөн кечиктирбестен аукцион өткөрүлгөнгө чейин электрондук соода аянтынан "өздүк кабинетте" аукцион өткөрүү жөнүндө табыштамасын чакырып алуу укугуна ээ. Ижара берүүчү тарабынан аукцион өткөрүүдөн баш тарткан учурда, талапкерлер төккөн кепилдик төгүмдөр 10 банктык күн аралыгында кайтарылууга тийиш.
90. Жеңүүчү муниципалдык мүлккө ижара келишимин белгиленген мөөнөттө түзүүдө четтегенде же баш тартканда, аукциондун жыйынтыгы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат, ал эми жеңүүчү келишим түзүү укугун жоготот, кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт жана жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.
91. Жеңүүчү болуп табылган жана ижара келишимин түзүүдө баш тарткан аукциондун катышуучусу, баш тарткан учурдан баштап бир жыл ичинде бардык аукциондорго катышуу укугунан ажырайт жана ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.
92. Ыйгарым укуктуу органдардын Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык мүлктү мөөнөттүү (убактылуу) колдонууга берүүгө тийиштүү чечимдери, Кыргыз Республикасынын "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамына ылайык каралат.
IX. Аукцион өткөрүү
93. Маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн, документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен, электрондук колу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү паспорту (ID-карта) менен бекитилген арыз, электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган анын электрондук формасын толтуруу жолу менен берилет.
Бир жак бир гана арыз берүү укугуна ээ. Ар бир арызга кабыл алынган күнү жана убактысы менен номер берилет.
94. Тиркелген документтери, ошондой эле маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөтүн бузуу менен берилген баа жөнүндөгү сунуш арызы электрондук соода аянтчасында катталбайт.
95.Талапкер аукционго катышуу үчүн маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн эсепке 100 пайыздык (коэффициенттерге ылайык муниципалдык мүлктү пайдалануу укугуна баштапкы баа) кепилдик төгүмдү төлөөсү керек.
Кепилдик төгүм жеңүүчүдөн башка аукциондун талапкерлери жана катышуучуларына аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгон күндөн баштап 10 банктык күн ичинде кайтарылып берилет.
96. Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм ижара акысынын төлөм эсебине чегерилип коюлат. Аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюудан же ижара келишимин түзүүдөн баш тартса, аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт.
Жеңүүчү электрондук соода аянтчасынын кызматтарын аукциондун жыйынтыгы боюнча төлөйт.
97. Эгер аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирмеде башкалар каралбаса, ыйгарым укуктуу орган каалаган убакта электрондук соода аянтчасындагы аукционду өткөрүүнү токтото алат, бирок аукцион башталганга чейин 1 жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен, өз кезегинде аукциондун катышуучуларына кабарлай турган, электрондук соода аянтчасынын операторуна кабарлоосу керек.
Аукционду өткөрүүдөн ыйгарым укуктуу орган баш тарткан учурда талапкерлер тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүмдөр 10 банктык күн ичинде кайтарылууга тийиш.
98. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосу аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирмеде көрсөтүлгөн күнү жана убакытта өткөрүлөт.
99. Аукционду өткөрүү жол-жобосу "аукциондун кадамына" ылайык көлөмдө сатуунун баштапкы баасы катышуучулар тарабынан ырааттуу жогорулатуу жолу менен өткөрүлөт.
100. Электрондук соода аянтчасынын оператору аукциондун катышуучуларын каттайт.
101. Аукционду өткөрүү жол-жобосунун убагында электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүнө катышуучуларды киргизүүнү жана алар тарабынан аукциондо коюлган муниципалдык мүлктүн ижарасынын баасы жөнүндөгү сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
102. Аукционду өткөрүү жол-жобосу башталган убакыттан тартып электрондук соода аянтчасынын оператору тарабынан:
электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө - муниципалдык мүлктүн маалыматтарын, баштапкы баасын жана күнүмдүк "аукциондун кадамын" көрсөтүү менен аукционду өткөрүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө маалымат;
электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүндө - электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардан башка ижаранын баштапкы баасы жөнүндө маалымат, айтылган кадамга ылайык катышуучулардын сунуштарын кабыл алуу аяктаганга чейин калган убакыт жайгаштырылат.
103. Электрондук соода аянтчасынын программалык каражаттары менен камсыздалат:
"аукциондун кадамынын" күнүмдүк бааны жогорулатууга тийиштүү болбогон мүлктүн ижарасынын баасы жөнүндө сунуштар катышуучу тарабынан берүү мүмкүнчүлүгүн алып таштоо;
эгер мурда башка катышуучу тарабынан окшош сунуштар берилгендигине байланыштуу, катышуучунун мүлктүн ижарасы жөнүндөгү сунушу кабыл алынбаган учурда катышуучуга кабарландыруу.
104. Жеңүүчү болуп мүлктүн ижарасынын эң жогорку баасын сунуштаган катышуучу эсептелинет.
105. Аукционду өткөрүүнүн жүрүшү оператор тарабынан аукциондун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаган убакыт менен чагылдырылган электрондук базага жазылат.
106. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор ыйгарым укуктуу орган тарабынан кол коюлган убакыттан баштап аукциондун жол-жобосу бүттү болуп эсептелинет.
107. Жеңүүчү тарабынан сунушталган муниципалдык мүлктүн ижарасынын баасын камтыган аукциондун жыйынтыктары жөнүндөгү жана ижара келишимин түзүүгө жеңүүчүнүн укугун күбөлөндүргөн протокол 3 жумушчу күн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан кол коюлат жана арыз ээсине берилет.
108. Аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок болуп саналат, эгер:
катышууга бир да арыз берилбесе же талапкерлердин ичинен бири да катышуучу болуп таанылбаса;
катышуучу болуп бир гана талапкерди таануу жөнүндөгү чечим кабыл алынса, ушуну менен бирге кепилдик төгүм 10 банктык күн ичинде кайтарылууга тийиш.
109. Өтпөй калган аукционду таануу жөнүндө чечим аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен жол-жоболоштурулат.
110. Аукциондун жыйынтыгы жана жеңүүчүнү таануу электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылат.
Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдор кол коюлган убакыттан баштап бир саат ичинде жеңүүчүгө ушул протоколду тиркөө менен аны жеңүүчү деп таанылгандыгы тууралуу кабарландыруу жиберилет, ошондой эле электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүнө төмөнкү маалыматтар жайгаштырылат:
муниципалдык мүлктүн функционалдык дайындоосу жана башка аны жекелештирүүгө мүмкүн болгон маалыматтар (лоттун өзгөчөлүгү);
муниципалдык мүлктүн ижарасынын баасы;
жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын-жеңүүчүнүн аталышы.
111. Муниципалдык мүлк ижарасынын келишими ыйгарым укуктуу орган менен аукциондун жеңүүчүсүн аныктаган күндөн тарта аукциондун протоколдоруна кол коюлган күндөн баштап 14 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, электрондук соода аянтчасында өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
112. Муниципалдык мүлк ижарасынын келишимдерин белгиленген мөөнөттө түзүүдөн четтесе же баш тартса, жеңиш экинчи орун алган катышуучуга берилет, ал эми ал ижара келишимдерди түзүүдөн четтесе же баш тартса, аукциондун жыйынтыгы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат. Жеңүүчүлөр көрсөтүлгөн келишимди түзүүгө укугун жоготот, кепилдик төгүм аларга кайтарылып берилбейт жана жергиликтүү бюджетке жиберилет.
113. Муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун берүү шарттары, ижара берүүчү жана ижарачынын укуктары, милдеттери, жактардын жоопкерчилиги жана ижаранын башка шарттары ижара келишими менен бекитилет.
114. Ижарачы муниципалдык мүлктү ижара келишими күчүнө кирген жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча объектини кабыл алган учурдан тартып ижарага алат.
115. Муниципалдык мүлктү ижарага алуу келишими тараптардын ар бирине бирден нуска болгон, 2 нускада түзүлөт. 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө ижара келишимин түзүү учурунда келишим 3 нускада түзүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мөөнөттүү пайдалануу укугунун келип чыгышы жөнүндө жазууга киргизүү үчүн жиберилүүгө тийиш. Келишимди каттоо боюнча чыгымдар ижарачыга жүктөлөт.
116. Өткөрүлгөн аукциондун негизинде эң жогорку суммадагы төлөмдү сунуш кылган ижарачы төмөнкү укуктарды алат:
а) ушул объекти жана жер участогу менен ижаралык пайдалануу;
б) өзүнүн эсебинен белгиленген тартипте жаңы объектти реконструкциялоо же куруу;
в) объекттерди, анын ичинде түзүлгөн ижара келишиминин бардык иш-аракетиндеги мезгилинде ушул жобо менен каралган шарттарда кайтадан түзүлгөн объекттерди пайдалануу.
117. Ыйгарым укуктуу орган өз убагында чечим кабыл алуу жана арыз ээсинин күнөөсү боюнча ижара келишимин түзүү мөөнөттөрү бузулган учурлардан тышкары, муниципалдык мүлктүн ижара келишимин түзүү үчүн жоопкерчилик алат.
XII. Кыймылсыз объекттерди түз берүү
118. Жалпы билим берүү мекемелериндеги ашканалар, кыймылдуу муниципалдык мүлк тооруктарды өткөрбөстөн, комиссиянын чечими менен ижарага берилет.
119. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан бекер курулган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ратификацияланган, мурда түзүлгөн эл аралык макулдашуулардын негизинде муниципалдык менчикке өткөрүлгөн социалдык объекттер, Бишкек шаардык кеңешинин чечиминин негизинде тооруктарды өткөрбөстөн берилет.
120. Пайдаланууга берүү шарты жана мөөнөтү Бишкек шаардык кеңеши тарабынан аныкталат.
XIII. Субижара
121. Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүндө турган кыймылсыз мүлк объекттерин ыкчам башкаруу жана чарба жүргүзүү укугуна муниципалдык мүлктү пайдалануучулар, рыноктук ижара акысы менен ижарачылар ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен көрсөтүлгөн кыймылсыз объекттерин ушул жобо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте көрсөтүлгөн объектти толугу же бөлүгүн субижарага бере алышат.
122. Өткөрүлгөн аукциондун негизинде ыйгарым укуктуу орган аркылуу бул маселе комиссиянын кароосуна чыгарылгандан кийин объекттер субижарага берилет.
123. Объект саатына пайдалануу менен субижарага берилген учурларда, комиссия ыйгарым укуктуу органдын сунуштоосу боюнча муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, суткасына пайдаланылган сааттардын санынан келип чыккан баштапкы ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктайт.
124. Муниципалдык мүлктү саатына пайдалануу менен субижарага берүүнүн өлчөмү аныкталганда, ыйгарым укуктуу орган ушул жобонун IX главасында көрсөтүлгөн формуланы колдонот.
125. Ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылганда пайдалануучу менен (же рыноктук ижара акысы менен ижарачынын) субижарачынын ортосундагы ижара келишими кол коюлат.
126. Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча ыйгарым укуктуу орган пайдалануучуларда табылган бош турган жайларды рыноктук ижара акысы менен ижарага берүү үчүн аларды сынакка коё алат.
127. Пайдалануу же рыноктук ижара акысы менен ижара келишиминин колдонуу мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө субижара келишими түзүлбөйт.
128. Пайдалануучулар тарабынан субижарага берилген объекттердин ижарасы үчүн ижара акысынын бардык суммасы шаардык бюджетке жиберилет.
129. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүүдө субижарадан келип түшкөн кирешелер ижарачынын менчиги болуп эсептелет.
XIV. Баштапкы айлык рыноктук ижара акысын аныктоо тартиби
130. Баштапкы айлык рыноктук ижара акысы ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде комиссия тарабынан бекитилет.
131. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюму төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
(айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы коюму) = (кыймылсыз мүлк объектисинин орточолонгон баланстык баасы) хКх х К1 х К2 х К3,
мында: кыймылсыз мүлк объектисинин орточолонгон баланстык баасы 21 сом/кв.м/ айына жана сынакка коюлган кыймылсыз мүлк объекттеринин курамынын өзгөрүшүнө жана алардын баланстык баасынын амортизацияланышына байланыштуу жылына бир жолу кайра каралышы мүмкүн;
К - турак эмес жайлардагы долбоор менен каралган ишканаларды ижарага алган субижарачылар үчүн колдонулган коэффициент, жана 0,5ге барабар;
К1 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлардын түрүн эске алган коэффициент жана
а) өзүнчө турган турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 3,0гө барабар;
б) 1-кабаттагы турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 2,5ке барабар;
в) жарым жер төлөөдөгү (жер төлөө кабаты) турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 2,0гө барабар;
г) жер төлөөдөгү турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн 1,5ке барабар.
К2 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттин жайгашкан ордун эске алган коэффициент жана
а) Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, М.Горький, И.Ахунбаев, Бейшеналиева, Байтик-Баатыр - Юсуп Абдрахманов, С.Ибраимов, Шабдан Баатыр - Курманжан Датка көчөлөрүндө, Чүй, Тынчтык, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде, Жаш Гвардия, Эркиндик бульварларында жайгашкан, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн - 3,0гө барабар;
б) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жана жогоруда аталган көчөлөрдүн квадраттарынын ичинде жайгашкан турак жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар үчүн - 2,7ге барабар;
в) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жана 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, "Асанбай", "Жал", "Аламүдүн-1" кичирайондорунда жайгашкан кыймылсыз объекттери үчүн - 2,5ке барабар;
г) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жана "Тунгуч" кичирайонунда, ошондой эле "Чоң-Арык" турак жай конушунда жайгашкан бардык калган кыймылсыз объекттер үчүн - 2,2ге барабар;
К3 - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттердин техникалык түзүлүшүнүн коэффициенти жана алар төмөнкүлөргө барабар:
1,5 - суу түтүк, канализация, ысык суу, борбордук жылытуу;
1,4 - суу түтүк, канализация, борбордук жылытуу;
1,3 - суу түтүк, канализация, ысык суу;
1,2 - борбордук жылытуу;
1,2 - суу түтүк, канализация;
1,0 - техникалык түзүлүш жок.
132. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктүк комплекс же анын бөлүгү, жалпы пайдалануудагы жерлер, турак эмес имараттарга, курулмаларга же жайларга жанаша жер участоктору үчүн айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы баасы, жер участокторду берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. Айлык рыноктук ижара акысынын баштапкы баасынын эсеби ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча жер участокторду башкаруу жана тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
133. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерин рыноктук ижаралык акысы менен ижарага берүүдө баштапкы жана акыркы ижара акыларынын өлчөмдөрүнүн анализин жана салыштыруусун ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт жана айлык рыноктук ижара акысынын сынактык баасы жөнүндөгү маалыматтардын чогулуусуна жараша формулалардагы коэффициенттерди корректировкалайт.
134. Рыноктук ижара акысы менен ижарага берилген ар бир кыймылсыз объект боюнча айлык рыноктук ижара акысын баалоо үчүн пайдаланылган материалдар белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органда сакталат.
135. Белгиленген коэффициенттер колдонулбаган, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги башка объекттерди (коомдук транспортун аялдамалары, таяныч түркүктөр, монументалдык курулуштар, жарнамалык такталар, от казандардын морлору ж.б.) ижарага берүүдө ижара акысынын баштапкы баасы келишимдик негизде комиссиянын чечими менен белгиленет.
XV. Объектти саат боюнча пайдаланууда баштапкы ижара акысынын эсеби (ОСбПБИАЭ)
136. СбПБИАЭ = БАИАӨ / 30/24 * ПБУ
а) СПБИАӨ - саат боюнча пайдаланууда баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
б) БАИАӨ - баштапкы айлык ижара акысынын өлчөмү;
в) 30 - бир айдагы күндөрдүн орточо саны;
г) 24 - суткадагы сааттардын саны;
д) БПУ - пайдалануучунун (ижарага берүүчү) графигине ылайык, айына (саатына) ижарага алынуучу объектти пайдаланууга берилген убактысы.
XVI. Комиссиянын курамы укуктары жана милдеттери
137. Муниципалдык мүлк боюнча комиссия өзүнүн ишкердигин төмөнкү курамда ишке ашырат:
Комиссиянын төрагасы - транспорт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри;
Комиссиянын төрагасынын орун басары - Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын начальниги;
Комиссиянын катчысы - Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын начальнигинин орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчыларынын орун басарлары;
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн кызматкери;
архитектура жана курулуш боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жетекчисинин орун басары.
138. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) муниципалдык мүлктү пайдалануу укугу үчүн старттык бааны белгилөөгө;
б) ушул жобо менен бекитилген, колдонулбоочу коэффициенттер карата, объекттер боюнча ижара акысынын баштапкы суммасынын өлчөмүн белгилөөгө;
в) аукцион өткөрүүдөн баш тартуунун себебин түшүндүрбөстөн, аны өткөрүүнү кийинкиге калтырууга же жарыяланган тоорук өткөрүү күнүнө чейин ар кандай объектини аукциондон алып салууга. Көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен аукцион өткөрүүдөн баш тарткан учурда конкурстун уюштуруучусу 10 календардык күндүн ичинде тооруктун катышуучуларына кепилдик төгүмдү кайтарып берүүгө милдеттүү;
г) рыноктук ижара акысы менен ижара жана субижара келишимдеринин мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
д) келишимде жазылган учурларда кандай гана келишим болбосун бир тараптуу бузуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
е) комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул жобого ылайык аукцион өткөрүүгө милдеттүү.
XVII. Кыймылдуу муниципалдык мүлктү ижарага пайдаланууга берүү
139. Кыймылдуу муниципалдык мүлк болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын чарба субъекттеринин чарба жүргүзүүсүндө турган, ыйгарым укуктуу органдын негизги каражаттарынын реестринде катталган, атайын автотранспорттук каражаттар;
б) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн пайдалануусунда турган электр тиричилик техникалары, башка машиналар жана жабдуулар.
140. Кыймылдуу муниципалдык мүлктү ижарага пайдаланууга берүү комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан тоорук өткөрүүсүз жүргүзүлөт.
141. Ижара акысы ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча төмөнкүдөй чегерүү менен комиссия тарабынан белгиленет: мүлктүн баланстык наркы негизги каражаттын пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүнө бөлүнөт, андан ары кыймылдуу муниципалдык мүлктү пайдалануунун ар бир айлык наркы (ижара акысы) 12 айга бөлүнөт. Ижара келишими узартылган учурда ижара акысын эсептөө негизги каражаттардын амортизациясын (эскиришин) эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
142. Кыймылдуу мүлк турган турак эмес жайды ижарага пайдаланууга берүүдө ижарачы аны пайдалануудан баш тартканга укуктуу. Мындай учурда ижарага берүүчү адам имаратты бошотот. Бул талаптар жалпы билим берүү мекемелеринин ашканаларынын имараттарына колдонулбайт.
XVIII. Бишкек шаарынын мүлкүнө муниципалдык менчик укугун мамлекеттик каттоо
143. Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, муниципалдык менчикке карата укук, ошондой эле бул укуктар боюнча чектөөлөр, алардын келип чыгышы, өткөрүп берилиши же токтотулушу мамлекеттик каттоо органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлөт.
Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо менчик ээси катары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органы көрсөтүлөт.
Эгер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жеке же юридикалык жакка муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берген болсо, каттоо карточкалардын тийиштүү бөлүмдөрүндө пайдалануу укугун кармоочунун аты көрсөтүлөт, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менчик ээси катары катталат.
Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтери болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилөөчү башка актылар саналат.
Муниципалдык мүлккө катталган менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде гана чечилет.
144. Мүлккө муниципалдык менчик укугун каттоо Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн жана башка түшкөн каражаттардын алкагында этап боюнча жүргүзүлөт.
145. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган же өткөн кыймылсыз мүлктүн тизмеси (мындан ары - "ММ" тизмеси) ыйгарым укуктуу орган тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын башка тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына бекитүүгө киргизилет.
146. Жаңы алынган мүлк "ММ" тизмесине кошумча пункт менен киргизилет жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына бекитүүгө киргизилет.
147. Бишкек шаардык кеңеши тарабынан "ММ" тизмеси бекитилгенден кийин, ыйгарым укуктуу органга көрсөтүлгөн максаттарга бөлүнгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын алкагында Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо органында Бишкек шаарынын бекитилген муниципалдык мүлкүн мамлекеттик каттоо жүргүзүүнү тапшырат.
Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объектилеринин реестри объекттердин көбөйгөндүгүнө жараша толуктала турган, "ММ" тизмесинен турат.
Реестр төмөнкү негизги маалыматтарды камтышы керек:
а) объекттерди сыпаттап жазуу;
б) объекттердин жайгашкан ордун көрсөтүү;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинин объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;
г) объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеги;
д) объекттердин баланстык наркы;
е) жактын атын (аталышын), бааны жана башка шарттарды жана рыноктук ижара акысы менен ижара келишими боюнча чектөөлөрдү камтуу менен, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар;
ж) мүлккө муниципалдык менчик объектилерин пайдалануу жана спецификасы менен байланышкан башка маалыматты.
Ыйгарым укуктуу орган үч жылда бир жолу:
а) 10-январдан кеч эмес белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешине № 1 - № 4 Тизмелер жана Тизмектер боюнча аткарылган иштер жөнүндө отчёт берет;
б) 10-февралдан кеч эмес Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объектилеринин реестрин Бишкек шаардык кеңешине бекитүүгө киргизет;
в) жыл сайын Бишкек шаардык кеңешине өткөн жыл үчүн реестр боюнча отчёт берет.
Реестр эки нускада түзүлөт, реестрдин бир нускасы Бишкек шаардык кеңешинде, ал эми экинчиси - ыйгарым укуктуу органда болот.
Ыйгарым укуктуу орган жылына бир жолудан кем эмес Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо органында мамлекеттик каттоодон өткөн кыймылсыз мүлктүн тизмеги жөнүндө отчёт берет.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |