Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
2019-жылдын 21–октябры № 27/4
Эпкин айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-октябрындагы №6 Протоколу жөнүндө
№ 4154 Эпкин шайлоо аймагынан депутат Жолдошов Канаттын Эпкин айылынын ортосунда орун алган түндүктөн түштүккө кеткен аты жок көчөгө “Жолдошов Абдыгазынын” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 15-октябрындагы жалпы чогулушунун №6 протоколу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эпкинайылынын ортосунан орун алган түндүктөн түштүккө кеткен аты жок көчөнүн тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, көчөгө Жолдошов Абдыгазынын ысымы ыйгарылып, “Жолдошов Абдыгазы” атындагы көчө деп аталууга макулдук беребиз.
2. Жолдошов Абдыгазынын урпактары көчөнүн ирээттүүлүгун, тазалыгын, жолун тегиздөө, түнкү жарыкты иштетүү, жашылдандыруу-көрктөндүрүү ж.б. иштерди колго алуу жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов
|