Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 2
Исфана шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Исфана шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндөгү Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдагы чыныгы керектөөсү 55239100 сом өлчөмүндө аныкталып, анын ичинен атайын каражаттар керектөөсү 17652000, 2020-жылга түзүлгөн бюджетинен салыктар жана салык эмес төлөмдөр боюнча 72891100 сом, бардыгы атайын каражаттар менен киреше бөлүгү 72891100 сомго, чыгаша бөлүгү 72891100 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына калган эркин калдык 6464276 сом, анын ичинен атайын каражаттар 207168 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Каржы министрилиги тарабынан берилген болжолдуу долбоору жактырылсын.
4. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин 4 айлык планынын аткарылуусунун жыйынтыгы менен 2021-2022-жылдарга берилген болжолдуу долбоорлорунун жетишпестиктери аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык 2019-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде 552200 сом «Резервдик фонд» түзүлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак аштын акчалай нормалары жөнүндөгү” №7 токтомуна ылайык Исфана шаарынын аймагындагы балдар бакчаларынын тамак ашына кошумча ар бир балага 5 сом өлчөмүндө акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин..
7. “Лейлек тазалык” муниципалдык ишканасын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы токтотулуп чарбалык иш жүргүзүүчү ишкана болуп өзгөртүлсүн жана эмгек акысына субсидия катары 5956600 сом жергиликтүү бюджеттен берилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна ылайык Исфана шаарынын ичиндеги аймактык өзун өзү башкаруу комитеттеринин штаттык бирдиктери Исфана шаар мэриясынын штаттык бирдиктеринин эсебинен чыгарылып муниципалдык менчик департаментинин штаттык бирдиктерине киргизилсин.
9. Түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу Исфана орто мектебине 25%, А.Навои орто мектебине 25% жана С.Садыков атындагы паркына 15% салым катары жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
10. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Исфана шаар мэриясынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи К.Кожошовго милдеттендирилсин.
11. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б.И.Тагаев |