ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 366 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17»Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө«Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы

Редакция05.11.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 5-ноябры ПЖ № 366

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

II бөлүмүнүн 4-главасынын 6-пунктунун "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" графасында:

- "Жогорку кызмат орду" тобунун "Ж-Б" категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси(*)";

- "Башкы кызмат орду" тобунун "Б-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы № 98 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров