Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 388 Жарлыгына) |
Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) кылмыш-жаза процессуалдык, салык жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарынын жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдардын алкагында аталган органдар тарабынан жүргүзүлгөн ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан каттоонун тартибин, ошондой эле статистикалык эсепке алуу жана контроль жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ишкердик субъекттерди текшерүү - бул укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары (мындан ары - текшерүүчү органдар) тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттин финансылык-чарбалык жана башка иши менен байланышкан текшерүү иш-чаралары.
Ишкердик субъект - мыйзамда белгиленген тартипте катталган жана өзүнүн тобокелдигине жана уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, пайда табуу максатындагы мыйзамда тыюу салынбаган ишти өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар.
Укук коргоо органдары - бул ишкердик субъектке текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу ички иштер, улуттук коопсуздук, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, прокуратура органдары, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органдары.
Салык кызматынын органдары - бул салыктык текшерүүнү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу салык органы жана салык органдары.
3. Прокуратура органдары ишкердик субъекттерге карата текшерүүчү органдар тарабынан жүргүзүлүүчү төмөнкүдөй текшерүү иш-чараларын (мындан ары - текшерүүлөр) каттайт:
- кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүүчү тергөөгө чейинки текшерүүлөр;
- ушул Жобонун 4-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн текшерүүлөрдү кошпогондо, салык мыйзамдарында каралган салыктык текшерүүлөр;
- козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды кошпогондо, изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө иш-чаралары.
4. Төмөнкү текшерүүлөр катталууга тийиш эмес:
1) камералдык текшерүү түрүндөгү салыктык текшерүү;
2) көчмө текшерүү түрүндөгү салыктык текшерүү, атап айтканда:
- уюмду жоюуда, жеке ишкердин ишин токтотууда, уюмду жана жеке ишкерди банкрот деп таанууда жүзөгө ашырылуучу пландан тышкары көчмө текшерүү;
- тематикалык көчмө текшерүү;
3) бажы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча бажы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү бажылык текшерүүлөр.
5. Текшерүүчү органдарга ушул Жобонун 3-пунктунда каралган текшерүүлөрдү каттоосуз жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
Каттоосуз жүргүзүлүүчү текшерүүлөр ушул Жобону бузуу деп эсептелет, ал эми мындай текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылат.
Эгерде текшерүүнү каттоо жөнүндө өтүнүчтө каттоо жөнүндө штамп жана QR код ("Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системада текшерүүлөр катталган учурда (мындан ары - "ИСТК" АМС) жок болсо, ишкердик субъект текшерүүчү органдын кызмат адамына текшерүү жүргүзүүгө жол бербөөгө укуктуу.
6. Ушул Жобону бузууга күнөөлүү текшерүүчү органдардын кызмат адамдары кылмыш-жаза мыйзамдарына, укук бузуулар жана мамлекеттик жарандык жана укук коргоо кызматын өтөө тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Текшерүүлөрдү каттоонун тартиби
7. Текшерүүнү каттоо - бул прокуратура органынын кызматкеринин жүргүзүлө турган текшерүүнү эсепке алуу жана мыйзамдуулук берүү максатында текшерүү жүргүзүү фактысын маалыматтык алып жүрүүчүдө белгилөө боюнча аракети.
8. Текшерүүнү каттоо процесси төмөнкү маалымат алып жүрүүчүлөрдө белгилөө:
1) текшерүүлөрдү каттоо китебинде, эгерде ушул Жобонун 10-пунктунда каралган документтер кагаз түрүндө киргизилсе;
2) "ИСТК" АМС, эгерде ушул Жобонун 10-пунктунда каралган документтер электрондук түрдө киргизилсе.
9. Ишкердик субъекттин салыктык же эсептик катталган жери боюнча жүргүзүлүүчү салыктык текшерүүнү каттоону кошпогондо, текшерүүнү каттоо ишкердик субъекттин жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.
10. Текшерүүнү каттоо үчүн текшерүүчү орган прокуратура органына кагаз түрүндө киргизген учурда эки нускада (түп нускасы жана көчүрмөсү) төмөнкү документтерди тапшырат:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык текшерүүнү каттоо жөнүндө өтүнүч;
- текшерүүнү дайындоо жөнүндө акт (жазма буйрук, токтом, план-график, буйрук, суроо-талап, арыз, рапорт же текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон башка документ);
- текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны чыгаруу үчүн негиз болгон документтер.
Ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө кол тамганы жана гербдүү мөөрдү камтууга тийиш.
Текшерүү "ИСТК" АМСте катталганда, ушул пункттун экинчи-төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтер электрондук түрдө "ИСТК" АМСте түзүлөт.
Эгерде кылмыш-жаза процессуалдык, салык мыйзамдарында жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарында башкача каралбаса, текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыда милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- текшерүү субъекти (аталышы, жайгашкан жери жана ишкердик субъекттин идентификациялык салык номери);
- текшерүү жүргүзүү үчүн негиз, анын алкагында текшерүү укугу келип чыккан мыйзамдар;
- текшерүүнүн түрү;
- кайсы мезгилге текшерүү жүргүзүү каралууда;
- текшерүү жүргүзүү мөөнөттөрү;
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы (Ф.А.А., күбөлүгүнүн номери).
11. Ушул Жобонун 10-пунктунда каралган документтер прокуратура органдарына пландуу текшерүүдө план-график бекитилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде, башка текшерүү болгондо текшерүү дайындоо жөнүндө акт чыккан күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен берилет.
12. Ушул Жобонун 10-пунктунда каралган документтер келип түшкөн кат-кабар катары эсепке алынууга тийиш.
Текшерүүнү каттоо жөнүндө өтүнүчкө келип түшкөн убактысын, номерин жана датасын көрсөтүү менен анын келип түшкөндүгү жөнүндө штамп коюлат.
13. Прокуратура органы документтерди алууда төмөнкүлөрдү текшерет:
- дайындалган текшерүүнүн мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн;
- документтерди киргизүүдө ушул Жободо белгиленген талаптардын сакталышын.
14. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча прокуратура органы текшерүүнү каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, бул тууралуу текшерүүнү каттоо жөнүндө өтүнүчтүн жогорку сол бурчуна тиешелүү штамп коюлат жана QR код (текшерүү "ИСТК" АМСте катталган учурда) ыйгарылат.
15. Текшерүүнү каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө прокуратура органынын чечими документтер келип түшкөн күндөн тартып пландуу текшерүүлөр боюнча 5 жумуш күндүн ичинде, башка текшерүүлөр боюнча 24 сааттын ичинде кабыл алынат.
16. Текшерүүнү каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди прокуратура органынын жетекчиси же анын орун басары кабыл алат.
17. Текшерүү катталгандан кийин ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары текшерүүчү органга кайтарылып берилет, ал эми алардын көчүрмөлөрү прокуратура органында калат.
18. Текшерүүнү каттоодон баш тарткан учурда прокуратура органы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык жүйөлүү корутунду түзөт, ал текшерүүчү органга жөнөтүлөт.
19. Текшерүүнү каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) андай ыйгарым укуктары жок мамлекеттик орган тарабынан текшерүүнү дайындоо;
2) текшерүүчү органдын компетенциясынын чегинен тышкаркы маселелер боюнча текшерүүнү дайындоо;
3) текшерүүнү дайындоо үчүн негиздин жоктугу (мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын, текшерүү жөнүндө актыны чыгаруу үчүн негиз болгон документтердин конкреттүү беренелерине шилтемелер);
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтүн белгилөө;
5) текшерүү дайындоо үчүн негиз болгон документте көрсөтүлгөн мезгил ичинде же мезгил аралыгынын же жүйөлөрдүн алкагынан тышкаркы маселелер боюнча текшерүүнү дайындоо;
6) жашыруун кайрылуу боюнча текшерүүнү дайындоо;
7) текшерүүнүн предметин жана анын негизин конкреттештирбестен текшерүүнүн жалпы предмети (салык мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча) көрсөтүлгөн жазма буйрук боюнча текшерүүнү дайындоо;
8) ушул Жободо аныкталган талаптарды бузуу менен документтерди киргизүү.
20. Текшерүүнү каттоо жөнүндө же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө маалыматтар чечим кабыл алынган күнү маалымат алып жүрүүчүгө киргизилет.
21. Прокуратура органында каттоодон өткөн текшерүүгө катышкан адамдардын курамы өзгөргөн же текшерүүнүн мөөнөтү узарган учурда, текшерүү ушул главада аныкталган эрежелер боюнча кошумча катталууга тийиш.
22. Прокуратура органынын каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечими жогору турган прокурорго 10 жумуш күндүн ичинде же болбосо сотко административдик сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда аныкталган мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.
Жогору турган прокурор тарабынан даттануунун каралышы даттанылып жаткан чечимдин колдонулушун токтотуп турбайт.
Эгерде прокуратура органы ушул Жобонун талаптарын бузуу менен текшерүүнү каттоо жөнүндө чечим кабыл алса, жогору турган прокурор текшерүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин чечимди чакыртып алууга укуктуу.
3. "Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасынын иштөө тартиби
23. Текшерүүлөрдү каттоо жана эсепке алуу "ИСТК" АМС аркылуу ишке ашырылат.
"ИСТК" АМС ишкердик субъекттерге карата текшерүүчү органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун негизги процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу маалыматтык системаны камтыйт.
24. "ИСТК" АМСтин ээси болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы саналат.
"ИСТК" АМСти пайдалануу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө прокуратура органдарынын, укук коргоо жана салык кызматынын органдарынын кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп саналат.
"ИСТК" АМСке кирүү мүмкүнчүлүгүн жок кылууга алып келген техникалык каталар болгон учурда, текшерүүнү каттоо ушул Жобонун 2-главасында аныкталган тартипте кагаз түрүндө катталат. Текшерүүлөрдү каттоо китебинде кагаз түрүндө катталган текшерүү андан кийин "ИСТК" АМСке киргизилүүгө тийиш.
25. "ИСТК" АМС жүргүзүү тартиби, ага карата талаптар жана аны пайдалануу боюнча өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Статистикалык эсепке алууну жүргүзүү жана контролдоо тартиби
26. Текшерүүчү орган текшерүү аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен, жашыруун маалыматтарды жана салыктык сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо, прокуратура органына текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык берет.
27. Каттоодон өткөн текшерүүнү токтотуп туруу, кайра жаңыртуу же жокко чыгаруу (баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, текшерүүчү орган 2 жумуш күндүн ичинде маалымат алып жүрүүчүгө түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн тиешелүү прокуратура органына билдирет.
Кабарлама эркин формада түзүлөт, мында текшерүүнү каттоо жөнүндө штамптын каттоо номери жана датасы, текшерүү субъектинин толук аталышы, жайгашкан жери (бар болсо), идентификациялык салык номери, текшерүү органынын текшерүүнү токтотуп туруу, кайра жаңыртуу же жокко чыгаруу (баш тартуу) жөнүндө актысынын каттоо номери, ошондой эле токтотуп туруу мөөнөтү жана кайра жаңыртуу датасы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Кабарламага текшерүүчү органдын текшерүүнү токтотуп туруу, кайра жаңыртуу же жокко чыгаруу (баш тартуу) жөнүндө актысынын көчүрмөсү тиркелет.
28. Ишкердик субъекттерге карата бардык текшерүүлөр боюнча эсепке алууну жүргүзүү жана статистикалык отчеттуулукту түзүү максатында салык кызматынын органдары ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык каттоого тийиш болбогон салыктык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, ошондой эле рейддик салыктык контроль жүргүзүүнүн, контролдук сатып алуунун жана салык постун коюунун жыйынтыктары боюнча кеңейтилген маалыматты прокуратура органдарына берүүгө тийиш.
Кеңейтилген маалымат ишкердик субъекттердин жайгашкан жери боюнча прокуратура органына 4-тиркемеге ылайык ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирилбестен берилет.
|
| Укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
|
| Кимге: _______________________________ |
|
| (прокуратура органынын аталышы) |
Текшерүүнү каттоо жөнүндө ӨТҮНҮЧ __________________________________________________________________________________________ (текшерүүчү органдын аталышы) __________________________________________________________________________________________ (текшерүү субъектинин аталышы, дареги жана ИСН) текшерүү жүргүзүүгө (текшерүүнүн түрү) _______________________________________________________ __________________________________________________________________________________________ (текшерүүчү органдын кызматкеринин Ф.А.А. жана кызмат орду, күбөлүктүн №) ______________________________________________________________________________ жиберет. Текшерүүнүн негизи (текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны чыгаруу үчүн негиз болгон мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын, конкреттүү беренелерине, документтерге шилтеме): __________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________ Текшерүү мезгили: _________________________________________________________________________ Текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 20__-жылдын "___" __________ тартып 20__-жылдын "___" ____________ чейин
*Текшерүү мөөнөтү: ___________________________________________ чейин узартылды *Узартуунун негизи: ___________________________________________________________
(*) Эскертүү: саптар текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч киргизилгенде гана толтурулат. |
|
|
| Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Текшерүүнү каттоодон баш тартуу тууралуу КОРУТУНДУ
__________________________________________________________________________________________ (прокуратура органынын штампынын каттоо номери жана датасы) __________________________________________________________________________________________ текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны каттоо тууралуу өтүнүч менен киргизилген ___________________ __________________________________________________________________________________________ (текшерүү жөнүндө актынын түрү жана каттоо номери) текшерүү жөнүндө акты менен _______________________________________________________________ ___________________________________________________________________________ дайындалган (текшерүүчү органдын аталышы) __________________________________________________________________________________________ (текшерүү субъектинин аталышы, дареги жана ИСН) карата текшерүү боюнча материалдарды изилдөөнүн жыйынтыктары менен төмөнкү негиздер боюнча каттоодон баш тартылды: __________________________________________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________ (Жобонун тиешелүү пунктуна шилтеме, зарыл болгон учурда кошумча маалымат көрсөтүлөт)
|
|
|
| Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Ишкердик субъектти текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө МААЛЫМАТ
к/н | Текшерүү субъектинин аталышы | ИСН, субъекттин жайгашкан жери | №/ Текшерүү дайындоо жөнүндө актынын датасы | Текшерүүнүн негизи, текшерүүнүн түрү | Текшерүүнүн текшерилүүчү мезгили | Текшерүү башталган жана аяктаган дата | Ченемдик укуктук актылардын беренелерине (пункттарына) шилтеме менен аныкталган бузуулардын саны | Аныкталган бузуулар жана салынган айыптар боюнча сумма | Натыйжалар | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
___________________________________ | ______________________ | _______________________________ |
(жетекчинин кызмат орду) | (колу) | (Ф.А.А.) |
|
| Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кеңейтилген маалымат
к/н | Ишкердик субъекттин аталышы | ИСН | Контролдун натыйжалары (бузуу менен же бузуу жок) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
___________________________________ | _________________________ | ____________________________ |
(жетекчинин кызмат орду) | (колу жана мөөрү) | (Ф.А.А.) |