Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 7-декабры ПЖ № 388
Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы аракеттенүү, мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тартипти чыңдоо, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө", 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө", 2021-жылдын 4-мартындагы № 61 "Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенип:
- укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун белгиленген тартиби тууралуу маалыматтык түшүндүрүү өнөктүгүн республиканын бүткүл аймагында жүргүзсүн;
- ушул Жарлыкты аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чечимдерди кабыл алсын;
- Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобонун талаптарынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан так сакталышын камсыз кылсын.
4. Ушул Жарлыктын колдонулушу бул Жарлык күчүнө киргенге чейин белгиленген укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөргө жайылтылбайт.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-мартындагы № 61 "Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык "Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүнө кире турган Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобонун QR-код ыйгаруу жөнүндө талап бөлүгүндө 5-пункттун үчүнчү абзацын, 8-пункттун 2-пунктчасын, 10-пункттун алтынчы абзацын, 14-пунктту жана 3-главаны кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |