Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 7-июну ПЖ № 109
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин арттыруу максатында токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө" Жарлыгына төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- Жарлыктын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жободо:
7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"7. Класстык чендер кызматчыларга жекече, кызмат орундарынын тобунун чегинде алардын ээлеген кызмат орундарына ылайык ырааттуулукту сактоо менен, ошондой эле кесиптик деңгээлин, мурдагы класстык ченде жана ээлеген административдик кызмат ордунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында болушунун узактыгын эске алуу менен ыйгарылат, буга ушул Жобонун 21, 22 жана 23-пункттарында каралган учурлар кирбейт.";
21-пунктта "кыйла жогорку категориядагы тобуна" деген сөздөр "кыйла жогорку категорияга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22-пунктта "кыйла жогорку категориядагы тобуна" деген сөздөр "кыйла жогорку тобуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамында:
экинчи абзацында "Жетекчисинин биринчи орун басары" деген сөздөр "Жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жободо:
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет жана анын кароосуна жогорку класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.";
5-пункттун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:
"1) Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу сунуштарын карайт жана алар боюнча корутундуларды даярдайт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет. Комиссиянын чечими анын жыйналышынын протоколу менен таризделет.";
- 9-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктарын Комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине туруктуу негизде өткөрүп берүүгө укуктуу.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы № 44 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пунктунун 4-пунктчасы.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-июнунда № 69-70 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |