Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу ЖОБО
(КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165, 2021-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 558, 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43, 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт.
2. Комиссия туруктуу негизде иштеген консультациялык-кеңешүүчү орган болуп эсептелет. Комиссиянын иши коомдук башталышта жүргүзүлөт.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө чечимди Комиссиянын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.
(КР Президентинин 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын функциялары
5. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келген жогорку класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу сунуштарын карайт;
- берилген материалдардын белгиленген талаптарга ылайыктыгын/ылайык эместигин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жогорку класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча сунуштарды киргизет.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Комиссия жогорку атайын класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу сунуштарын карайт.
Комиссиянын чечими анын жыйналышынын протоколу менен таризделет.
(КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Комиссиянын ишин камсыз кылуу
6. Комиссиянын ишин Комиссиянын катчылыгы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү камсыз кылат.
Ошол эле учурда сунуштар Комиссиянын кароосуна киргизилгенге чейин келип түшкөн материалдарга белгиленген талаптарга ылайыктыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн укуктук корутундусу даярдалат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен Комиссиянын функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде жашыруун документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды суроого жана алууга;
2) зарыл болгон учурда, анын ичинде консультацияларды өткөрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүн, ошондой эле мүчөлөрүн чакырууга же маалымат суроого;
3) каралуучу маселеге тиешелүү болгон органдардын жетекчилерин өзүнүн жыйналыштарына чакырууга.
4. Комиссиянын жетекчилиги жана ишин уюштуруу
8. Комиссияны анын төрагасы жетектейт.
9. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Жыйналышты Комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча анын орун басары жетектейт.
Комиссиянын төрагасынын орун басары жок болгон учурда жыйналышты Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жетектейт.
Комиссиянын төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын Комиссиянын төрагасынын орун басарына туруктуу негизде өткөрүп берүүгө укуктуу.
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, анда Комиссиянын жыйналышы мыйзамдуу. Эгерде жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүгү добуш берсе, анда Комиссиянын чечими кабыл алынды деп эсептелет.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Комиссиянын чечими сурамжылоо жолу менен кабыл алынат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)