Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 28-августу ПЖ № 165
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жободо:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби";
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү "Бул Жобо", "Ушул Жобо", "ушул Жобо" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Бул Тартип", "Ушул Тартип", "ушул Тартип" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"20. Ыйгарылган класстык ченде кызмат өтөө мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет. Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгилдер гана кирет.";
30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7-пунктчалар менен толукталсын:
"6) паспорттун көчүрмөсү;
7) нотариалдык жактан же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жободо:
4-6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө чечимди Комиссиянын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.
5. Комиссия төмөнкү функцияларды жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу сунуштарын карайт жана алар боюнча корутундуларды даярдайт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет.
Комиссиянын чечими анын жыйналышынын протоколу менен таризделет.
6. Комиссиянын ишин Комиссиянын катчылыгы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн кадрлар сектору камсыз кылат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |