Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 22-июну ПЖ № 163
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 3-пунктта:
4-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын борбордук аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө;";
- 6-пункттагы "квартал сайын сый акыларды" деген сөздөр "он үчүнчү эмгек акыны" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул Жарлыктын 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктунун бешинчи, алтынчы абзацтарын кошпогондо, бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
I. Мамлекеттик жарандык кызматчылар | ||
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | ||
1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси | 7,00 |
2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары | 5,27 |
3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары | 5,14 |
4 | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси | 5,00 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 4,66 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 4,54 |
7 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 4,35 |
8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 4,24 |
9 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 4,05 |
10 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 3,75 |
11 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,44 |
12 | Инспектор, адис | 3,14 |
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор, улуттук комиссиялар, мамлекеттик комиссиялар, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | ||
1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү | 5,28 |
2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 4,99 |
3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 4,87 |
4 | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси | 4,58 |
5 | Башкармалыктын начальниги, борбордун жетекчиси | 4,33 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 4,29 |
7 | Улуттук аттестациялык комиссиянын башкы окумуштуу катчысы | 4,24 |
8 | Борбордун жооптуу катчысы, жетекчисинин орун басары, мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 4,13 |
9 | Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы, башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 4,03 |
10 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 3,84 |
11 | Эксперт | 3,74 |
12 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 3,55 |
13 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,26 |
14 | Инспектор, адис | 2,98 |
3. Мамлекеттик органдардын агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрү | ||
1 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,70 |
2 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,42 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 4,13 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 4,03 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,84 |
6 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,74 |
7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,55 |
8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,26 |
9 | Инспектор, адис | 2,98 |
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун, улуттук комиссиялардын, комиссиялардын жана мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин департаменттер жана борборлор түрүндөгү ведомстволук мекемелери | ||
1 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,48 |
2 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,21 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 4,05 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 3,83 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,66 |
6 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,57 |
7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,39 |
8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,11 |
9 | Инспектор, адис | 2,84 |
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик органдардын региондор аралык, облустук жана шаардык (Бишкек ш. жана Ош ш.) түзүмдөрү | ||
1 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким | 4,52 |
2 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары | 4,26 |
3 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси, региондор аралык, региондук (облустук) Бишкек, Ош шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси | 4,00 |
4 | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары | 3,74 |
5 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын бөлүм башчысы | 3,65 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
7 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы, улук мамлекеттик нотариус, кеңешчи, биринчи катчы, экинчи катчы | 3,39 |
8 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, вице-консул, үчүнчү катчы | 3,22 |
9 | Улук инспектор, жетектөөчү адис, атташе | 2,96 |
10 | Инспектор, адис | 2,70 |
6. Мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаардын) түзүмдөрү | ||
1 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчиси | 4,0 |
2 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,46 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
4 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
5 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус | 3,05 |
6 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,81 |
7 | Инспектор, адис | 2,56 |
II. Муниципалдык кызматчылар | ||
1. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери | ||
1 | Республикалык маанидеги шаардын мэри, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 5,28 |
2 | Биринчи вице-мэр | 4,99 |
3 | Вице-мэр, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы (ар бир жергиликтүү кеңеште туруктуу комиссиялардын экиден ашык эмес төрагалары) | 4,87 |
4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын, жергиликтүү кеңешинин аппаратынын жетекчиси | 4,58 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 4,33 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 4,29 |
7 | Республикалык маанидеги шаардын мэринин кеңешчиси | 4,13 |
8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 4,03 |
9 | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 3,84 |
10 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын басма сөз-катчысы | 3,74 |
11 | Башкы адис, республикалык маанидеги шаардын мэринин жардамчысы | 3,55 |
12 | Жетектөөчү адис | 3,26 |
13 | Адис | 2,98 |
2. Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык кызматтары | ||
1 | Облустук маанидеги шаардын мэри, облустук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 4,52 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын башчысы | 4,26 |
3 | Облустук маанидеги шаардын вице-мэри, республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын башчысынын орун басары | 4,05 |
4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 4,03 |
5 | Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси, облустук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 4,02 |
6 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,65 |
7 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
8 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,39 |
9 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,22 |
10 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,96 |
11 | Инспектор, адис | 2,70 |
3. Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү | ||
1 | Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, облустук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 4,00 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,30 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
4 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
5 | Башкы адис | 3,05 |
6 | Жетектөөчү адис | 2,81 |
7 | Адис | 2,56 |
4. Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | ||
1 | Райондук маанидеги шаардын мэри, райондук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы (калкынын саны 20001 адамдан жогору болсо) | 3,67 |
2 | Райондук маанидеги шаардын вице-мэри | 3,44 |
3 | Райондук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 3,22 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 2,99 |
5 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,92 |
6 | Башкы адис | 2,76 |
7 | Жетектөөчү адис | 2,55 |
8 | Адис | 2,32 |
5. Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | ||
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамдан жогору болсо), айылдык кеңештин төрагасы (калктын саны 20001 адамдан жогору болсо) | 3,31 |
2 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болсо) | 3,23 |
3 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | 3,11 |
4 | Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы (калктын саны 6001 адамдан жогору болсо), райондук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 2,91 |
5 | Бөлүмдүн башчысы | 2,70 |
6 | Сектордун, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,64 |
7 | Башкы адис | 2,50 |
8 | Жетектөөчү адис, староста | 2,30 |
9 | Адис, инспектор | 2,10 |