Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 15-августу ПЖ № 194
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 2-пункту.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 18-августундагы № 66 (3515) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |