ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 268 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 24-октябры ПЖ № 268

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.";

- 7-пункт "каралган булактардын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринин каражаттарынын (бюджеттин алдындагы бардык милдеттенмелерди кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:

"22-1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

1) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров