ЖарлыкКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 313 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2023-жылдын 16-ноябры ПЖ № 313

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

- 221-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"221. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, анын ичинде калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына president.kg 2023-жылдын 18-ноябрында жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров