Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 5-декабры ПЖ № 330
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кадрдык потенциалын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Президенттин Администрациясынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелет. Президенттин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны Президент тарабынан аныкталат.
Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Президент тарабынан белгиленет.
Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетекчилик кызмат ордуна дайындоодо жетекчилик кызмат ордунда иштеген стажын эсептөө үчүн төмөнкү кызмат орундарында иштеген мезгилдери жетекчилик кызмат орду катары эсептелет:
- Президенттин Администрациясынын (анын ичинде мурдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик инспектору, башкы эксперти, инспектору, эксперти;
- Президенттин кеңешчиси, Президенттин жардамчысы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлгөн учурдан тартып кызмат орундарына дайындалган адамдар үчүн гана).".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-ноябрындагы № 97 (3546) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |