Редакцияот 25.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин алтынчы  чакырылыштагы кезектеги 17-сессиясы

 

2019-жылдын 25-марты № 10

 

«Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш  айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларынын тактоодо жазылган сызыкты бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” жобонун 23-талабына ылайык «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш  айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларынын тактоо боюнча иш кагаздарын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорло институту тарабынан даярдалган Жалпак-Таш  айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларынын тактоо иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.

      2. Бул чечимди бекитип берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

       3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш,  транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн. 

 

Төрага                                         

 

Ш. Арынов