Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 14-февралы № 18
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 262-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4 жана 14-статьялардын 2-бөлүгүн кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 16-статьянын 2-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр алып салынсын.
6. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү" деген сөздөр "Жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү
Кыргыз Республикасында музейлер мекемелер формасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.".
8. 27-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 28-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 34-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |