Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31 мартындагы № 151 «Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоо, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-марты ПЖ № 151 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыњдоо, балдар жана короо аянтчаларын оњдоо жана кайрадан калыбына келтирүү жана жањыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жөнүндө 2006-2010-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасында денетарбиясынжана спортту өнүктүрүү концепциясына ылайык, ошондой эле денетарбиясынжана спортту андан ары өнүктүрүү, сергек турмуш ыњгайын жайылтуу, "Денисак улут - өнүгүп жаткан өлкө" улуттук ой-максатын жапырт спорттук иш-чараларды, анын ичинде спорттун улуттук жана башка түрлөрүн өткөрүү жа-гынан турмушка ашыруу максатында токтом кылам: 1. 2006-жылдын 1-апрелинен тартып 30-апрелине чейин жашаган жерибоюнча колдо болгон, ошондой эле ведомстволук баш ийүүдөгү спорт-тук-денсоолукту чыњдоо, балдар жана короо аянтчаларын оњдоо жана кайра-дан калыбына келтирүү жана жањыларын куруу боюнча жалпы республикалыкбир айлык жарыялансын. 2. Жарыяланган бир айлыктын жењүүчүлөрү үчүн Кыргыз Республикасы-нын Президентинин резервдик фондунун эсебинен төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгүматериалдык сыйлык белгиленсин: - мыкты облуска же Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына бир сый-лык" 100000 (жүз мињ) сом; - мыкты райондорго жана облустук маанидеги шаарттардын мэриялары-на: 1-орун - 60000 (алтымыш мињ) сом; 2-орун - 40000 (кырк мињ) сом; 3-орун - 20000 (жыйырма мињ) сом; - мыкты шаар башкарууларына: 1-орун - 30000 (отуз мињ) сом; 2-орун - 25000 (жыйырма беш мињ) сом; 3-орун - 20000 (жыйырма мињ) сом; - областтардын эњ мыкты жети айыл өкмөтүнө - 20000 (жыйырма мињ)сомдон. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү облустук жана райондук мамлекет-тик администрациялардын башчылары, бардык дењгээлдердеги жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдары бир айлыкты өткөрүүнү, анын ичинде ушулмезгилде төмөнкүлөрдү уюштурсун. - бир айлыкты өткөрүү жана анын жыйынтыктары боюнча жењүүчүлөрдүаныктоо үчүн комиссияларды түзүүнү: - төмөнкүлөрдү уюштурууну жана өткөрүүнү: спорт-денсоолукту чыњдоо, балдар жана короо аянтчаларын оњдоого,кайрадан калыбына келтирүүгө жана жањыларын курууга багытталган ар жу-мадагы ишембиликтерди; жапырт спорттук ишчараларды, анын ичинде спорттун улуттук жанабашка түрлөрүн; спорттун ардагерлеринин жана ар кандай спорттук мелдештердинжењүүчүлөрүнүн өсүп келаткан муун менен жолугшууларын жана башка ишча-раларын. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясыбир айлыкты уюштуруунун, өткөрүүнүн жана анын жењүүчүлөрүн аныктоонунжүрүшүн кењири чагылдырсын. 4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүүжана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев