Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 17-апрели ПЖ № 175
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
кеңеши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 8-майындагы № 235 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мааниси бар маселелерди, республиканын мамлекеттик
түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн маанилүү маселелерин кароодо Кыргыз Респуб-
ликасынын мамлекеттик бийлик органдарынын макулдашып иштешин жана өзара
аракеттенишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясынын 42- жана 46-статьяларын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин жекече курамы Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин курамына кызмат орду
боюнча: Кыргыз Республикасынын Президенти; Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыр-
гыз Республикасынын Конституциялык Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кат-
чысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-
си; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Бишкек шаары-
нын мэри кирет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 235
Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө тиркелген Жо-
бо бекитилсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев