Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 8-майы № 235
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 17-апрелиндеги "Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө"
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Мамлекеттик иштерге, ошондой эле республиканын мамлекеттик түзүлүш
жана өнүгүүсүнүн маанилүү маселелерин кароодо жарандык коомдун
өкүлдөрүнүн жигердүү катышуусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясынын 42- жана 46-статьяларын жетекчиликке алуу
менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-апрелиндеги
N 175 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңеши жөнүндө" Жарлыгына
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын 2-пункту төмөнкү редакцияда баяндал-
сын:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин жекече курамы Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин курамына кызмат орду
боюнча: Кыргыз Республикасынын Президенти; Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыр-
гыз Республикасынын Конституциялык Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Сотунун Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кат-
чысы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-
си; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Бишкек шаары-
нын мэри кирет.";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик кеңеши жөнүндө Жободо:
1-пункттагы "тышкы жана ички коопсуздук, коргонуу" деген сөздөр
алып салынсын.
4-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- ички жана тышкы саясаттын актуалдуу маселелери, анын ичинде
экономикалык, социалдык, финансылык, салык, кредиттик жана башка масе-
лелер боюнча артыкчылыктуу багыттарды талкуулоо;";
жетинчи жана сегизинчи абзацтар алып салынсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев