Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 28-июну ПЖ № 327
Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө
(КР Президентинин
2007-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 409, 2011-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 257,
2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141, 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин арттыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүдөй тиркелген жоболор бекитилсин:
- (2-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- № 3 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө;
- (4-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:
- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону жана муниципалдык кызматтын бош администрациялык кызмат орундарын конкурстук ээлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аттестациялык жана конкурстук комиссияларын
ын мүчөлөрүн окутуу боюнча тематиканы иштеп чыксын жана зоналык (райондор аралык) семинарларды өткөрсүн;
- (КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
(КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |
№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саясий жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын РЕЕСТРИ
(КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)