Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 18-сентябры ПЖ № 409
"Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
(КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык кызматты ээлеген муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди берүү тартиби жөнүндө жобо" деген № 4 тиркемесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы жаңы 9-пункт менен толукталсын:
"9. Алгачкы класстык чендер болуп (муниципалдык кызматчы ээлеген муниципалдык кызмат ордуна кирген администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын класстык разрядына жараша) төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык кызмат орундарынын кенже категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызмат орундарынын улук категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызмат орундарынын башкы категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.";
9-17-пункттар тиешелүү түрдө 10-18-пункттар деп эсептелсин.
(КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |