Загрузка документа…
№ 4 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 28-июнундагы № 327
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын администрациялык кызматты ээлеген
муниципалдык кызматчыларына класстык
чендерди берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Президентинин
2007-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 409,
2012-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 44, 2013-жылдын 17-июну ПЖ № 142 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Класстык чендерди ыйгаруу тартиби
III. Класстык ченди сактоо, төмөндөтүү жана алып салуу тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 12-статьясына ылайык иштелип чыккан жана муниципалдык кызматкерлерге класстык чендерди ыйгаруу, сактап калуу, төмөндөтүү тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын саясий жана администрациялык муниципалдык кызматтар Реестрине ылайык Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматында администрациялык кызматтардагы адамдарга жайылтылат.
3. Муниципалдык кызматкерлерге класстык чендер төмөнкү тартипте ыйгарылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы инспектору;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 2-класстагы инспектору;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы инспектору;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 2-класстагы кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
4. Муниципалдык кызматкерлерге класстык чендерди ыйгаруу ырааттуулукту сактоо менен, ээлеген кызмат абалына болгон кызматтык топторго жана категорияларга, ошондой эле кесиптик деңгээлге, Кыргыз Республикасынын мурунку ээлеген класстык ченинин узактыгына жана администрациялык муниципалдык ээлеген кызмат абалына жараша жүргүзүлөт.
5. Кызматкерлердин муниципалдык класстык чени муниципалдык кызматкерлердин квалификациялык даярдыгы жогоруда аталган Реестрге ылайык муниципалдык кызматтарга коюлган квалификациялык талаптарга ылайык экендигин көрсөтүп турат.
6. Муниципалдык класстык чен үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык тартипте кызматтык айлыгына кошумча акы төлөнөт.
Класстык ченди ыйгаруу, сактоо жана аны алып салууга байланышкан бардык талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык чечилет.
II. Класстык чендерди ыйгаруу тартиби
7. Класстык чендер администрациялык муниципалдык кызматтарды ээлеген аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарылып жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик даярдыгы муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарында муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызмат орундарынын классификациясына тиешелүү болгон талаптарга жооп бергендигин көрсөтүп турат.
8. Муниципалдык кызматкерлерге анын классификациясына ылайык болгон муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарына тиешелүү класстык чендер ыйгарылат:
- муниципалдык кызматынын кенже кызматтарына - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1, 2, 3-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызматтын улук кызматтарына - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын башкы кызматтарына - Кыргыз Республикасынын муниципалдык 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
9. Алгачкы класстык чендер болуп (муниципалдык кызматчы ээлеген муниципалдык кызмат ордуна кирген администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын класстык разрядына жараша) төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык кызмат орундарынын кенже категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы инспектору;
- муниципалдык кызмат орундарынын улук категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызмат орундарынын башкы категориясы үчүн - Кыргыз Республикасынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
(КР Президентинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 409 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчи класстык чени Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчилигинин көрсөтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.
Муниципалдык кызматынын 1, 2, 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматынын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси класстык чендери өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чени аттестациядан өткөрүлбөй туруп ыйгарылат.
11. Ар бир класстык ченде болуу мөөнөтү төмөнкү убакытта түзөт:
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы инспектору - 1 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 2-класстагы инспектору - 2 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы инспектору - 2 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси - 3 жыл;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 2-класстагы кеңешчиси - 3 жыл;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1-класстагы кеңешчиси - 3 жыл;
- Кыргыз Республикасынын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси - 4 жыл;
- Кыргыз Республикасынын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси - 4 жыл;
- Кыргыз Республикасынын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси - 4 жыл.
12. Кезектеги класстык ченди ыйгаруу анын мурдагы ченинин мөөнөтү бүткөн соң гана жүргүзүлөт.
13. Биринчи класстык чен муниципалдык кызматкерге ал кызматка орношкондон кийин алты айдан кем эмес мөөнөттө ыйгарылат, бул убакытка сыноо мөөнөтү дагы кирип, аттестациянын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
14. Муниципалдык кызматкерге кезектеги класстык чен муниципалдык кызматтын мурдагы класстык чен үчүн коюлган мөөнөтү аяктаган соң жана ал ошондой класстык чен алдын-ала каралган администрациялык кызматты ээлеп турганда же ыйгарылган класстык ченге тең жана андан жогору класстык чен каралган учурларда ыйгарылат.
Муниципалдык кызматкер ал мурда ээлеген кызматка караганда чоң администрациялык муниципалдык кызматка дайындалса ага кезектеги класстык чен бул Жобонун 10 пунктунда каралган мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок ал администрациялык кызматта алты айдан кем эмес турган учурунда аттестациянын жыйынтыгы боюнча ыйгарылат.
Ыйгарылган класстык чен кызматтык күбөлүктө жана муниципалдык кызматкердин өздүк ишинде көрсөтүлөт, ал эми муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык чени ыйгарылганда тиешелүү күбөлүк берилет.
Кезектеги класстык чен муниципалдык кызматчыларга алар тартип боюнча сөгүш алышса, ошондой эле аларга карата кызматтык текшерүү же кылмыш иши козголгон кезде берилбейт.
15. Кезектеги класстык ченди ыйгаруу жөнүндөгү чечимди кабыл алууда төмөнкүлөр эске алынат:
- ээлеген кызмат абалы;
- ченди алган мөөнөтү;
- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында иштеген мезгили;
- өткөрүлгөн аттестацияда жыйынтыгы боюнча алган баасы.
III. Класстык ченди сактоо, төмөндөтүү
жана алып салуу тартиби
16. Муниципалдык кызматкер башка жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өткөндө, же башка муниципалдык кызматка өткөндө ушул Жобого ылайык ыйгарылган класстык чени сакталып калат.
17. Муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат ордуна киргенде, же которулганда, же тескерисинче болгондо муниципалдык кызматкерлердин класстык чендери сакталат жана мамлекеттик кызматтын тиешелүү класстык чендерин аларга ыйгарууда эске алынат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызмат орундарынын барабардыгы "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамдын 14-статьясы менен жөнгө салынат.
18. Муниципалдык кызматкерге ыйгарылган класстык чен ал өзү ээлеген администрациялык кызматтан бошогондо жана муниципалдык кызматтан бошоп кеткенде (анын ичинде пенсияга чыкканына байланыштуу дагы) "кызматтан чегингени" көрсөтүлүп, ошондой эле муниципалдык кызматка кайра киргенде сакталат.
Муниципалдык кызматкерлер аларга ыйгарылган класстык чендерге өмүр бою ээ болушат жана аны ушул Жободо каралган негиздемелер боюнча гана алып салууга болот.
19. Кызматтагы кетирген кемчилиги, муниципалдык кызматкерге жүктөлгөн милдеттерди аткарбай коюу, же так аткарбай коюу, эмгек тартибин бузуу, өзүнүн кызмат абалынын ыйгарым укуктарын ашырып жиберүү, Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамында каралган муниципалдык кызматка байланышкан чектөөлөрдү аткарбай койгон учурда муниципалдык кызматкердин класстык чени төмөндөтүлүшү мүмкүн, бирок, анын өзүнүн класстык ченинен бир баскычтан ашырылбай төмөндөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1, 2, 3-класстагы инспектору, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин төмөндөтүү, же алып салуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык ченин төмөндөтүү, же алып салуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчилигинин көрсөтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Президенти аркылуу жүргүзүлөт.
Муниципалдык кызматкер эгерде өзүнө байланыштуу аны кылмыш жасады деп айыптаган өкүм мыйзамдык күчүнө кирсе, ошондой эле өзүнө тагылган милдеттерин аткарбай койсо, же туура эмес аткарса класстык чени алынып салынышы мүмкүн.
Муниципалдык кызматкер Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугуна байланыштуу класстык ченден ажырашы мүмкүн.
Класстык чени төмөндөтүлгөн муниципалдык кызматкерге мурдагы класстык чени калыбына келтирилбейт. Ал кезектеги класстык ченди ыйгарууга жалпы негизде бир жыл убакыт өткөн соң гана көрсөтүлөт.
Муниципалдык кызматкер мыйзамсыз түрдө бошотулганына байланыштуу убакыт өткөн соң кайра өз кызматына коюлса үзгүлтүк болуп калган мезгил кезектеги класстык чендин мөөнөтүнө киргизилип эсептелет.