Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-майы № 249
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын, инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал оорлошкон өзгөчө кырдаал жана табигый кырсыктар жаралган учурларда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды ыкчам уюштурууну камсыздоо, карантиндик жана өзгөчө кооптуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 3-абзацындагы "Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункттагы "Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын ишке ашыруучу адамдарга компенсация төлөө тартиби
19. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу жумуштарына атайын тартылган саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана башка ведомстволор менен кызматтардын персоналына негизги эмгек акысынан тышкары, компенсациялык төлөмдөр төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт:
1) убактылуу уюштурулган изоляторлордогу, стационарлардагы/госпиталдардагы, обсерваторлордогу жана мобилдик топтордогу карантиндик-казармалык абалда жаткан кызматкерлерге:
- дарыгерлер жана административдик-башкаруу кызматкерлери үчүн - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 23 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- жумушка атайын тартылган орто медициналык кызматкерлер жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлери үчүн - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 20 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- убактылуу уюштурулган изоляторлордогу, стационарлардагы/госпиталдардагы жумушка атайын тартылган кенже медициналык кызматкерлер жана башка жумушчулар, мунун ичинде башка кызматтардын жана ведомстволордун ушуга окшогон кызматкерлери үчүн - карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 18 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо байланыштагы адамдар катары болгон жана карантиндик-казармалык абалда иштегенден кийин милдеттүү изоляцияда болууга тийиш саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка ведомстволор жана кызматтардын персоналына - иштерин аткаргандан кийин изоляцияда болгон ар бир күнү үчүн жана карантинде болгон ар бир күнү үчүн 9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
3) убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо, убактылуу эпидемияга каршы отряддарда/бригадаларда/башка түзүмдөрдө, лабораторияларда, санитардык-карантиндик пункттарда жана блокпосттордо кадимки иш күнү бою иштеген кызматкерлерге:
- дарыгерлер үчүн - эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- жумушка атайын тартылган орто медициналык кызматкерлерге жана башка кызматтардын жана ведомстволордун ушуга окшогон кызматкерлерине - эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 0,9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- жумушка атайын тартылган кенже медициналык кызматкерлерге жана башка жумушчуларга жана башка кызматтардын, ведомстволордун ушуга окшогон кызматкерлерине, ошондой эле оору очокторунда иштеген жана карантинге жөнөтүлгөн медициналык кызматкерлерди ташуучу айдоочуларга - эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 0,8 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
4) оору жугузган жана оорулар менен байланышта болгондорду ташуучу медициналык тез жардам кызматкерлерине:
- дарыгерлер үчүн - ар бир оору жугузган адамды ташыганы үчүн 6 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана оорулуу менен байланышта болгон ар бир адамды ташыганы үчүн 1 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлер үчүн - ар бир оору жугузган адамды ташыганы үчүн 5 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана оорулуу менен байланышта болгон ар бир адамды ташыганы үчүн 0,9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлер үчүн - ар бир оору жугузган адамды ташыганы үчүн 4 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана оорулуу менен байланышта болгон ар бир адамды ташыганы үчүн 0,8 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
5) оор эпидемиологиялык абал учурунда өзгөчө кооптуу инфекциялык оорудан көз жумган адамдардын өлүктөрүн сойгон кызматкерлерге:
- дарыгерлерге - ар бир өлүктү сойгондугу үчүн 10 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлерге - ар бир өлүктү сойгондугу үчүн 8 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлерге - ар бир өлүктү сойгондугу үчүн 6 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
6) инфекциялык жана мите ооруларды, жапайы жаныбарлар арасындагы эпизоотияларды, республиканын аймагындагы тамак-аш ууланууларын жана карантиндик жана кооптуу инфекциялар боюнча энзоотиялык ооруларды жоюу үчүн эпидемиологиялык очоктордо жумуштарга атайын тартылган карантиндик/казармалык абалда жаткан кызматкерлерге жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине төлөмдөр төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
- дарыгерлерге - эпидемия очогунда жана ага теңдеш аймакта иштеген ар бир күнү үчүн 23 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- атайын жумушка тартылган орто медициналык кызматкерлерге жана башка кызматтардын, ведомстволордун жумушчуларына - эпидемия очогунда жана ага теңдеш аймакта иштеген ар бир күнү үчүн 20 эсе эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө;
- атайы жумушка тартылган кенже медициналык кызматкерлерге жана башка жумушчуларга, анын ичинен башка кызматтардын, ведомстволордун ушундай кызматкерлерине жана жумушчуларына эпидемия очогунда жана ага теңдеш аймакта иштеген ар бир күнү үчүн 18 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
20. Эпидемиологиялык жана эпизоотиялык изилдөөлөрдү, жок кылуучу дератизациялык иштерди жүргүзүү үчүн өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча энзоотиялык райондорго иш сапарга жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун, анын чумага каршы бөлүмдөрүнүн жана өзгөчө кооптуу инфекциялар бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана анын региондук, шаардык борборлорунун кызматкерлерине ар бир иштеген күнү үчүн экинчи (кошумча) кызматтык маяна Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген суткалык чыгымдарынын 50% өлчөмүндө төлөнөт.
21. Ыкчам штабдын мүчөлөрүнө компенсациялар оору очогунун аймагында жүргөн иш жүзүндөгү убактысы үчүн, оору очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген бир сааты үчүн 1,3 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төлөнөт.
22. Эпидемиянын очогунда жана ошого теңдеш аймактарда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабдарында иштеген жана ишке тартылган адамдардын түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү иштегени үчүн компенсациялар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык негизги иштеген жери боюнча төлөнөт.
23. Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка административдик-чарбакер кызматкерлерине жана саламаттык сактоо органдарынын жумушчуларына ченемден ашык иштегендери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
24. Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун тартылган адамдарына компенсациялык төлөмдөр эпидемиянын алдын алуу, аны менен күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдөгү иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт.
25. Эпидемиялар менен күрөшүү жана анын алдын алуу иштерине атайын тартылган саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине жана башка кызматтардын жана ведомстволордун персоналына негизги иштеген жеринен жана айкалыштыруу боюнча иштеген жеринен иштеген иши үчүн орточо эмгек акысы сакталат.
26. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иштерине тартылган саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр боюнча каражаттар башка төлөмдөрдүн эсебине (ден соолукту чыңдоо боюнча жөлөкпул, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул) киргизилбейт.";
- 31-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | М.Д.Абылгазиев |