Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХIV сессиясы
2020-жылдын 3-июну № 54/2
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы кызмат ордун бекитип киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “айылдык кенештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдору жөнүндө Кара-Суу айылдык кенешинин төрагасы К.Жумабековдун кенири маалыматын угуп жана талкуулап , депутаттардын Кара-Суу айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кенешине жооптуу катчы кызмат оруну бекитилсин.
2. Айылдык кенешинин жооптуу катчысынын айлык акысын Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигин Кочкор райондук Каржы бөлүмү менен макулдашып, бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы-башкы эсепчинин милдетин аткаруучу Б.Садыковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевге милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Ж. Жумабеков |