Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июну № 40
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкү мазмундагы 5- жана 6-абзацтар менен толукталсын;
“4-тиркемеге ылайык, жер участоктор үчүн ижара акысынын коюмдары;
5-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери.”, 4- жана 5-тиркемелер ушул токтомдун 1-жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
3-пункт 2-абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктта:
10-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелеринин” деген сөздөр алып салынсын;
34-абзац алып салынсын;
40-абзацтагы “жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери” деген сөздөр алып салынсын;
45-абзацтагы “берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү,” деген сөздөр “берилген аймактык орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
55-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелерине,” деген сөздөр алып салынсын;
10-пункттун 2-абзацындагы “жана жер пайдалануу, куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;
11-пункттагы “жана жер пайдалануу, куруу эрежелерине” деген сөздөр алып салынсын;
18-пункттун 13 абзацындагы “, ошондой эле жер пайдалануу жана куруу эрежелерине шайкеш келүүсү” деген сөздөр алып салынсын;
20-пункттагы “, ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине” деген сөздөр “арыз ээсинен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
72-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Ижара төлөмдөрүн эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Аб = П х С, мында:
АБ-базалык ижара акысынын өлчөмү (сом менен);
П-жер участогунун аянты чарчы метр;
С-чарчы метр үчүн ижара акысынын ставкасы (4-тиркеме).”;
73-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Келишимде көрсөтүлгөн көп багыттуу жер участоктор бир функционалдык багыты боюнча аянтын аныктоосуз (бөлүштүрүүсүз) болгон учурда, мындай жер участокту пайдалангандыгы үчүн ижара акыны эсептөө объектти эксплуатацияга киргизгенге чейин функционалдык багытынын саны боюнча тең үлүштөргө жер участоктун аянтын шарттуу бөлүү менен жүргүзүлөт.
Эксплуатацияга киргенден кийин:
жер участокто бир канча объекттер бар болгон учурда, объектти макулдашылган Башкы планга ылайык функционалдык багыттын коэффициенти пропорцианалдуу колдонулат;
объектте көп функционалдуу имарат бар болгон учурда, ижара акыларды эсептөө жер участоктогу имарат үчүн функционалдык багыттын эң жогорку коэффициентин колдонуу менен жүргүзүлөт.”;
76-пункттагы “жана ошол бюджеттен 10 пайызы ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине жөнөтүлөт” деген сөздөр алып салынсын;
77-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин жаңы чиймелерин жана экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын ченин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары | Ж. А. Абдраимов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июну № 40 токтомуна 1-тиркеме
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Ставка арендной платы (сом/квадратный метр в год ) | |||||||||||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | XIII | XIV | XV | XVI | XVII | XVIII | XIX | XX | ||
1 | Соцкультбыт | 129,05 | 112,92 | 93,56 | 103,24 | 103,24 | 103,24 | 86,03 | 83,89 | 83,89 | 83,89 | 93,56 | 64,53 | 83,89 | 83,89 | 64,53 | 83,88 | 64,53 | 83,88 | 64,53 | 64,53 |
2 | Имущественные комплексы | 464,00 | 406,00 | 336,40 | 371,20 | 371,20 | 371,20 | 309,33 | 301,60 | 301,60 | 301,60 | 336,40 | 232,00 | 301,60 | 301,60 | 224,75 | 301,60 | 232,00 | 301,60 | 232,00 | 224,75 |
3 | Территория без капитального строения | 65,25 | 57,09 | 47,31 | 52,20 | 52,20 | 52,20 | 43,50 | 42,43 | 42,43 | 42,43 | 47,31 | 32,63 | 42,43 | 42,43 | 32,63 | 42,41 | 32,63 | 42,41 | 32,63 | 32,63 |
4 | Многоэтажные жилые дома | 130,50 | 114,19 | 94,61 | 104,40 | 104,40 | 104,40 | 87,00 | 84,83 | 84,83 | 84,83 | 94,61 | 65,25 | 84,83 | 84,83 | 65,25 | 84,83 | 65,25 | 84,83 | 65,25 | 65,25 |
5 | Религиозные учреждения | 13,05 | 11,42 | 9,46 | 10,44 | 10,44 | 10,44 | 8,70 | 8,48 | 8,48 | 8,48 | 9,46 | 6,53 | 8,48 | 8,48 | 6,53 | 8,48 | 6,53 | 8,48 | 6,53 | 6,53 |
6 | Нефтебазы | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 | 652,50 |
7 | Учебно-реабилитационные центры инвалидов, благотворительные фонды, некоммерческие учреждения и организации, занимающиеся деятельностью в сфере поддержки и защиты незащищенных слоев населения (дети сироты, инвалиды, и так дале), диппредставительства | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 | 35,34 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Руководитель аппарата Бишкекского городского кенеша И. Б. Аденов | |||||||||||||||||||||
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июну № 40 токтомуна 2-тиркеме
|
Ижара акыны эсептөө үчүн экономикалык зоналардын чектеринин ЧИЙМЕСИ
Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин СҮРӨТТӨЛҮШҮ (түндүк тараптан баштап сааттын жебесинин жүрүшү боюнча берилди)
Экономикалык-пландаштыруу аймактары төмөнкүчө чектелди:
I – Жибек-Жолу проспекти – “Аламүдүн” суусу - М. Горький көчөсү - Ч. Айтматов проспекти – “Ала-Арча” суусу;
II – М. Горький көчөсү – “Аламүдүн” суусу - Ахунбаев көчөсү - Орджоникидзе көчөсү – Новая көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – “Ала-Арча” суусу – Ч. Айтматов проспекти;
III – Л. Толстой көчөсү – “Ала-Арча” суусу – Ш. Руставели көчөсү - Новая көчөсү – Орджоникидзе көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Д. Садырбаев көчөсү – Космос көчөсү – Репин көчөсү;
IV – Чоң Чүй каналы – “Ала-Арча” суусу – Л. Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Мессарош көчөсү;
V – Чоң Чүй каналы – “Аламедин” суусу – Жибек-Жолу проспекти – “Ала-Арча” суусу;
VI – Чоң Чүй каналы – Веселая көчөсү – Достоевский көчөсү – буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - Чоң Чүй каналынын чыгыш бутагы – “Аламедин” суусу;
VII – Ахунбаев көчөсү – шаардын түштүк чегине чейин “Аламедин” суусу – “Кум-Шагыл” Акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан өткөөл (мурунку Темир-бетон буюмдар заводу) – Иманалиев көчөсү – Семетей көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү;
VIII – Л. Толстой көчөсү – Репин көчөсү – Космос көчөсү – Д. Садырбаев көчөсүнөн батышка карай Д. Садырбаев көчөсү “Арча-Бешик” конушунун, “Ылдыйкы Орок” конушунун, түштүк – батыш мүрзөнүн аймагын кошо – Муромская көчөсүнүн уландысы – Т. Фрунзе көчөсү;
IХ – Чоң Чүй каналы – Мессарош көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – П. Лумумба көчөсү;
X – Түндүк айланып өтмө жолу – Нижняя Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү өткөөл катары Баку көчөсү түндүк тарапка уландысы – Баку көчөсү – Чоң Чүй каналы – М. Ганди көчөсү;
XI – Чоң Чүй каналы – канал – Чолпон-Ата көчөсү – Чыгыш Чоң Чүй каналы – буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы – Достоевский көчөсү – Веселая көчөсү;
XII – Чоң Чүй каналы – “Учкун” кичирайонунан батышка карай – Чыгыш Чоң Чүй каналы – Чолпон-Ата көчөсү боюнча канал;
XIII – Чоң Чүй каналы – П. Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү – батышка карай темир жол линиясы – “Ала-Тоо” конушунун аймагынан батышка карай;
XIV – Түндук айланып өтмө жол – К. Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү) – Чоң Чүй каналы – Баку көчөсү – Нижняя Ала-Арча айылына чыгыш тарап боюнча жергиликтүү өткөөл катары Баку көчөсү түндүккө карай уландысы;
XV – Түндүк айланып-өтмө жол – “Бакай-Ата” конушунан батышка карай – Чоң Чүй каналы – К. Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү);
XVI – Чыгыш Чоң Чүй каналы – “Көк-Жар” конушунан батышка карай – аймактын батыш чеги – Аламедин суусу боюнча:
XVII – Семетей көчөсү (мурунку Выставочная көчөсү) – Иманалиев көчөсү – “Кум-Шагыл” Акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан өткөөл (мурунку Темир-бетон буюмдар заводу) – “Аламедин” суусу – “Орто-Алыш” суутосмосунун аймагынан түштүккө карай – аймактын батыш чеги – Кожобергенов көчөсү боюнча;
XVIII – Садыгалиев көчөсү менен темир жол линиясынын кесилишине чейин – Л. Толстой көчөсү – Т. Фрунзе көчөсү – ЖЭБ-2 аймагынан батышка карай Муромская көчөсүнүн уландысы;
XIX – Түндүк айланып өтмө жол – М. Ганди көчөсү – Чоң Чүй каналы – “Бишкексууканалдын” тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай;
XX – Түндүк айланып өтмө жолдон түндүккө карай.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | И. Б. Аденов |