КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-сентябры ПЖ № 471 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасында 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдык жактан колдоонун бир айлыгын өткөрүү жөнүндө Улгайган жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатындажана алардын проблемаларына көњүл буруу менен токтом кылам: 1. 2006-жылдын 1-октябрынан тартып улгайган адамдарды социалдыкжактан колдоонун бир айлыгы өткөрүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, анын ичинде министрликтер, мам-лекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамле-кеттик администрациялар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандары аталган бир айлыкты өткөрүү боюнча комиссияларды түзсүн, ушулЖарлыктын 1-пунктунан келип чыккан ишчараларды иштеп чыксын, бекитсинжана турмушка ашырсын, мында төмөнкүлөр каралсын: - согуш жана эмгек ардагерлерине урмат көрсөтүү; - кийим-кечек, бут кийим жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, отункамдоо үчүн аз камсыз болгон улгайган адамдарга материалдык жардамкөрсөтүү; - аз камсыз болгон улгайган адамдарга акысыз негизде турмуш-тири-чилик, медициналык жана юридикалык кызмат көрсөтүү; - муктаж болгон улгайган жарандар үчүн акысыз түшкү тамактардыуюштуруу; - улгайган жарандар үчүн төмөндөтүлгөн баалар боюнча тамак-аш жанатамак-аш эмес товарлардын ярмаркаларын өткөрүү. 3. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырып жатканюридикалык жана жеке жактардын аз камсыз болгон улгайган жарандарга гу-манитардык жардам көрсөтүү боюнча демилгеси колдоого алынсын. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев