Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 29-марты ПЖ № 116

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили боюнча жалпы улуттук бирдиктүү саясат жүргүзүү, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бул багыттагы ишин координациялоону жакшыртуу максатында, ошондой эле республиканын коомчулугунун кайрылууларын жана сунуштарын эске алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7-пункттун экинчи абзацы алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев