Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 21-январы ПЖ № 15
Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы ПЖ № 181,
2011-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 261,
2012-жылдын 20-январрындагы ПЖ № 9,
2012-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 48,
2018-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 79
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдардын укуктук абалын аныктоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган органдар катары аныктоо менен төмөнкү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагынан чыгарылсын:
- Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын баңги заттарга контролдук кылуу боюнча мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматы;
- (алтынчы абзац КР Президентинин 2012-жылдын 20-январындагы ПЖ № 9 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы;
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институту;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
- Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы.
(КР Президентинин 2012-жылдын 20-январындагы ПЖ № 9, 2012-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 48 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында кала тургандыгы аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы;
- Банктарды жоюу боюнча агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы.
(КР Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы ПЖ № 181, 2011-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 261, 2012-жылдын 20-январындагы ПЖ № 9, 2018-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 79 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу" Жарлыгынын 1- жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын администрациялык ведомстволору жөнүндө" Жарлыгынын 1- жана 2-пункттары.
5. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |