Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 18-майы ПЖ № 258

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы "Кыргыз

Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук

долбоору жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

 

(КР Президентинин

2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында пилоттук долбоорду жүзөгө ашырууну, киргизүүнү аяктоону жана ал боюнча алынган натыйжаларды эске алуу менен финансылоонун ислам принциптерин киргизүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн Пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүзөгө ашырууну аяктоо жана аталган Меморандумдун чегинде түзүлгөн Жетекчи комитеттин корутундусу алынгандыгы, ушул долбоордун натыйжалары жөнүндө "Экобанк" АКК сунуш кылган отчеттун жыйынтыгы боюнча эки айлык мөөнөттө ссудалык пайызды жокко чыгарган банк ишинин жана финансылоонун альтернативдүү принциптерин жөнгө салууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.".

(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев