Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2010-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 46 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 25-майы № 268
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы
“Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентнне караштуу
Комиссия женүндө” Указына өзгөртүүлөр жана толуктоо
киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 137 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмдөрүнүн өзгөргөндүгүнө
байланыштуу, ошондой эле Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин
эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Комиссиянын ишин андан ары өркүндөтүү максатында
токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы
№355 “Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия
жөнүндө” Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген Кыргызстандын көрүнүктүү
ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу Комиссиянын курамы ушул
Жарлыктын №1 тиркемесине ылайык жањы редакцияда баяндалсын;
- 2-пункт жана жогоруда аталган Указ менен бекитилген №2 тиркеме
күчүн жоготту деп табылсын;
- бешинчи пункттагы “бөлүмү” деген сөздөн мурда “экономикалык
жана” деген сөздөр кошулсун.
2. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия
жөнүндө тиркелген Жобо ушул Жарлыктьн №2 тиркемесине ылайык
бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-
августундагы №443 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-
декабрындагы “Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин
түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Комиссия жөнүндө” Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу”
Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана
социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2007-жылдын
25 – мяйындагы № 268 Жарлыгы
менен бекитилген
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу
жөнүндө Кыргыз Республнкасынын Президентине
караштуу Комиссиянын
КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 137 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы,
Кимсанбаевич Комиссиянын төрагасы;
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,
Комиссиянын төрагасынын орунбасары;
Дикамбаев Азамат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Шамильевич нистрациясынын экономикалык жана социалдык
саясат бөлүмүнүн башчысы;
Эсенкулов Нурмамат - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын
Жокенович билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн
башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы;
Ахмедов Якуббек - "Рохат-НБУ" пансионатынын директору, Кыргыз
Рахматович Республикасынын Президентинин кењешчиси;
Ташпаева Назгүл - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Аскеровна социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кайыпов Марат - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Таштанович
Раев Султан - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат
Акимович министри;
Үсөнов Данияр - Бишкек шаарынын мэри;
Токтогулович
Турсунбаев Онушбек - Бишкек башкы архитектура башкармасынын на-
Атакозуевич чальниги - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Бөрүбаев Алтай - Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо
Асылканович комиссиясынын төрагасы;
Плоских Владимир - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) уни-
Михайлович верситетинин кафедра башчысы;
Садыков Тургунбай - Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясынын
Садыкович президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук
илимдер академиясынын академиги;
Юсупова Майрам - Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт
Ажибековна музейинин директору.
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2007-жылдын
25-майындагы № 868
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Комиссия жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 137 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу жөнүндө Кыргыз Ресгтубликасынын Президентине караштуу
Комисси (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Президентинин
алдында түзүлгөн консультациялык-кењеш берүүчү орган болуп саналат.
Комиссиянын курамы, анын төрагасы Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан аныкталат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, атап
айтканда, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү”, "Кыргыз
Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү”, “Тарыхый-маданий
мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамдарды жана башка
ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишин мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана Кыргыз
Республикасынын жарандары менен биргелешип жүргүзөт.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдары, алардын кызмат адамдары комиссиянын компетенциясына таандык
маселелерди чечүүдө ага көмөк көрсөтүшөт.
4. Комиссия белгиленген тартипте өз иши үчүн министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдарынын, республиканын коомдук уюмдарынын, атамекендик
жана чет өлкөлүк адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
5. Комиссиянын чечимдери белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна киргизилет.
II. Комиссиянын милдеттери, функциялары жана укуктары
6. Республиканын өнүгүшүнө эњ көрүнүктүү салым кошкон
Кыргызстандын адамдары жөнүндөгү эстеликти сактоо Комиссиянын эњ башкы
милдети болуп саналат. Комиссиянын милдети Кыргыз Республикасынын
торолушуна жана өнүгүшүнө эњ көрүнүктүү салым кошкон Кыргыз
Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмерлеринин, илим жана
маданият ишмерлеринин (мындан ары - көрүнүктүү ишмерлер) эстеликтерин
түбөлүккө калтыруунун ыкмасы жана формасы жөнүндө сунуштарды жана
рекомендацияларды даярдоо болуп саналат.
Комиссиянын жогоруда аталган рекомендациялары жана сунуштары архив
жана илимий изилдөөлөрдүн, коомдук пикирди сурап билүүнүн
натыйжаларына негизденүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө эњ көрүнүктүү салым кошкон
адамдардын катарына чет өлкөлүк ишмерлер да көрсөтүлүшү мүмкүн. Мында
Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкү саналат:
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселесинде мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын макулдашылган өз ара аракетин камсыз кылуу;
- эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселени ушул Жободо
белгиленген тартипке ылайык чечимдерди кабыл алуу жана аларды Кыргыз
Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна киргизүү аркылуу кароо;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну
камсыз кылуу;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселесинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын биргелешкен аракетин
координациялоого;
- эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө маселени ушул Жободо
белгиленген тартипке ылайык чечимдерди кабыл алуу жана аларды Кыргыз
Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна киргизүү аркылуу кароого;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну
камсыз кылууга;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
- өзүнүн жыйналышында республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин
эстелигин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча аткаруу бийлик
органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана
коомчулуктун өкүлдөрүн белгиленген тартипте угууга;
- республиканын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу боюнча сунуш кылынып жаткан чараларга эксперттик баа берүү
үчүн адистерди жана илимпоздорду, анын ичинде чет өлкөлүк адистер
менен илимпоздорду белгиленген тартипте тартууга;
- өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик ишмерлеринин, илим жана
маданият ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруунун ыкмаларын жана
формаларын андан ары өркүндөтүү боюнча тийиштүү рекомендацияларды жана
сунуштарды кабыл алууга жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана
республиканын мамлекеттик органдарына киргизүүгө.
III. Комиссиянын ишин уюштуруу
8. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыкка жараша, бирок жарым жылда
бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналыштарга Комиссиянын төрагасы, ал
жокто Комиссиянын төрагасынын орунбасары жетекчилик кылат.
9. Эгерде Комиссиянын жыйналышына анын курамынын кеминде үчтөн
экиси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй
көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын
Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, республиканын башка
мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарына негиздүү сунуштар же рекомендациялар менен бирге протокол
түрүндө жазылат.
10. Комиссиянын ишин камсыз кылуу анын жумушчу органы - Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт
бөлүмү тарабынан Комиссиянын жооптуу катчысынын жетекчилиги астында
жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият
жана спорт бөлүмүнүн башчысы кызмат орду боюнча Комиссиянын жооптуу
катчысы болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги
ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынан туура таризделген материалдар Комиссиянын жыйналышына бир
ай калганда берилет.
12. Комиссиянын жыйналышынын маалымдуулугун жана ачыктыгын камсыз
кылуу үчүн ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы
мүмкүн. Комиссиянын жыйналышына чакырылуучу жалпыга маалымдоо
каражаттарынын курамы Комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
IV. Комиссиянын Кыргыз Республикасынын
эң көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө
калтыруу маселесин карашынын тартиби
13. Эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча маселе Комиссия тарабынан
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун,
юридикалык жактардын (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын)
жана тийиштүү республикалык органдар аркылуу алардын бирикмелеринин
өтүнүчтөрү боюнча каралат.
14. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө кал-
тыруу жөнүндө өтүнүчтөр жана башка документтер райондордун, шаарлардын,
облустардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен макулдашыл-
гандан кийин жана облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек,
Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан сөзсүз беки-
тилгенден кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна
киргизилет.
Талаптагыдай макулдашылбаган жана бекитилбеген учурларда Кыргызс-
тандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча ма-
териалдар арыз берүүчүлөргө кайтарылат.
Өтүнүчкө сунуш кылынып жаткан инсандын өмүр баяны жана иши жөнүндө
ырасталган маалыматтар; архив материалдары (нотариалдык жактан
күбөлөндүрүлгөн), ошондой эле ар кандай жолдор аркылуу аныкталган коом-
дук пикирди сурап-билүү (изилдөө, сурап-билүү жана ушул сыяктуу), геог-
рафиялык аталыштар боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу,
ошондой эле зарыл долбоордук (эскиз стадиясында) документациялар тирке-
лет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги
ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргызстандын көрү-
нүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө өтүнүчтөрдү
жана башка документтерди карайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылай-
ык аларга корутунду чыгарат жана документтерди Комиссиянын биротоло ка-
рап чыгууга жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги
ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин
түбөлүккө калтыруу формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин иштери жөнүндө эстеликти түбөлүккө
калтыруучу эстеликтерди, стелаларды, мемориалдык обелисктерди, башка
мемориалдык курулуштарды жана объекттерди орнотуу;
- тарыхый жактан эњ көрүнүктүү ишмерлердин өмүрү жана ишмердиги
менен байланышкан айрым аймактарды сактоо жана көрктөндүрүү;
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин аты-жөнүн жана алар жөнүндө башка
маалыматтарды Эстелик китебине жазуу;
- эњ көрүнүктүү ишмерлерге арналган мемориалдык музейлерди түзүү,
көргөзмөлөрдү уюштуруу, эстелик белгилерин куруу;
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин ким экендиги жөнүндө материалдарды
жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо, аларга арналган искусство
жана адабият чыгармаларын түзүү;
- ишмерлердин аты-жөнүн физикалык-географиялык объекттерге,
көчөлөргө жана аянттарга, проспекттерге жана аллеяларга, калктуу
конуштун аймагындагы башка шаар куруу объекттерине, ишканаларга жана
мекемелерге, анын ичинде билим берүү уюмдарына, аскер бөлүктөрүнө жана
ушул сыяктууларга берүү;
- эстелик даталарын жана эскерүү күндөрүн белгилөө;
Кыргыз Республлкасынын эњ көрүнүктүү ишмерлерлеринин портреттерин
акча белгилеринде жана башка документтерде чагылдыруу;
- эстеликти түбөлүккө калтыруунун башка формалары.
17. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлерлеринин
эстеликтерин түбөлүккө калтыруу, эреже катары, жогоруда көрсөтүлгөн
түбөлүккө калтыруу формаларынын бири түрүндө жүзөгө ашырылат.
18. Комиссиялар өз чечимин кабыл алууда Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген төмөнкүдөй талаптарды сактайт:
- аталышы жана кайра аталышы ушул эле Мыйзамдын 7-статьясына
ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясына кирген
объекттерди кошпогондо “Кыргыз Республикасындагы географиялык
аталыштар жөнүндө” Мыйзамдын 1-статьясында саналган администрациялык-
аймактык бирдиктердин, калктуу конуштардын
- шаарлардын, шаарчалардын, айылдардын жана башка объекттердин
аталышы жана кайра аталышы, бул, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
менен аныкталат;
- шаарларды, шаарчаларды, айылдарды мамлекеттик, коомдук же башка
эњ көрүнүктүү ишмерлердин ысмы менен кайра атоого тыюу салынат
(“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамдын 6-
статьясы);
- эњ көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин түбөлүккө калтыруу ал
дүйнөдөн кайткандан беш (5) жыл өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат;
- мурда башка ишмерлердин ысмын алып жүргөн объекттерге
ишмерлердин ысмын кайталап берүүгө (кайра атоого) жол берилбейт;
- бир эле ишмердин ысмын бир администрациялык-аймактык бирдиктин
чегинде жайгашкан бир нече объекттерге берүүгө жол берилбейт.
19. Комиссиялар өз чечимин кабыл алууда Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген төмөнкүдөй талаптарды сактайт:
- аталышы жана кайра аталышы ушул эле Мыйзамдын 7-статьясына ылай-
ык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясына кирген объекттер-
ди кошпогондо "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө"
Мыйзамдын 1-статьясында саналган администрациялык-аймактык бирдиктер-
дин, калктуу конуштардын - шаарлардын, шаарчалардын, айылдардын жана
башка объекттердин аталышы жана кайра аталышы, бул, Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдары менен аныкталат;
- шаарларды, шаарчаларды, айылдарды мамлекеттик, коомдук же башка
эњ көрүнүктүү ишмерлердин ысмы менен кайра атоого тыюу салынат ("Кыргыз
Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамдын 6-статья-
сы);
- көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин түбөлүккө калтыруу алар дүйнө-
дөн кайткандан кийин ишке ашырылат;
- мурда башка ишмерлердин ысмын алып жүргөн объекттерге ишмерлер-
дин ысмын кайталап берүүгө (кайра атоого) жол берилбейт;
- бир эле ишмердин ысмын бир администрациялык-аймактык бирдиктин
чегинде жайгашкан бир нече объекттерге берүүгө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги
ПЖ № 137 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
20. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө
эстеликти түбөлүккө калтыруучу эстеликтерге, стелаларга, мемориалдык
такталарга, башка мемориалдык курулуштарга жана объектгерге Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий
мурастын эстеликтеринин статусу берилиши мүмкүн.
Бул объекттер “Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет тарабынан
катталат жана кайтарылат.
Эњ көрүнүктүү ишмердин ысмы берилген объекттерди каттоого алууну
жана күтүүнү бул объекттер карамагында болгон мамлекеттик органдар
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар
жүргүзөт.
Мында ар бир эстелик объектине паспорт жазылат.
Объекттердин аталыштарынын, алардагы жазуулардын тексттери Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылат.
21. Эстеликти түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иштердин бардык
түрлөрү, эреже катары, өтүнүч кылган жана таламдаш уюмдардын,
жактардын же демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
22. Кыргыз Республикасынын эњ көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин
түбөлүккө калтыруу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар:
- республикалык дењгээлде Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтү белгилеген
тартипте республикалык бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан;
- жергиликтүү дењгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
белгилеген тартипте жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган
каражаттардан финансыланат.