Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 11-февралы ПЖ №46
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө
Кыргыз Республикасынын торолушуна жана өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу маселелерине бирдиктүү мамилелерди калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия (мындан ары - Комиссия) ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия жөнүндө тиркелген Жобо ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №355 "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы №268 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги №137 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-февралындагы № 46 жарлыгынын 1-тиркемеси |
Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссиянын КУРАМЫ (кызмат орду боюнча)
- Кыргыз Республикасынын (социалдык маселелерди тескеген) вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматынын инспектору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүк чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору;
- "Бишкекбашкыархитектура" башкармасынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
- "Кыргызстан калкы Ассамблеясы" коомдук бирикмелер Ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын сүрөт Академиясынын президенти;
- Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору.